«Таш-Рабат» соода борборунда аялга кол көтөргөн жаранга иш козголду

«Таш-Рабат» соода борборунда жубайына кол көтөргөн кишиге «Бейбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылды. Бул тууралуу 27-октябрда борбор калаанын Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, 25-октябрда соода борборлорунун биринде эркек кишинин аялга кол салган видеосу интернетке тарады. Милиция кызматкерлери дароо окуя болгон жерге жетип барышкан.

Кол салуунун видеосу reporter.kg сайтына саат 18:30 чамасында жарыяланган. Басылма аялга кол көтөргөн кишини ажыратып, сыртка чыгарып жибишкенин, жабырлануучу чыга албай, ата-энесин күтүп жатканын кабарлаган.

«Биз милиция чакыралы дедик, бирок ал өзү коркуп жатат. Кетип калайын десе артынан аңдып жүрөт экен», — деп жазган басылма.

РИИБден болсо милиция кызматкерлери келген кезде «чыр-чатактын катышуучулары белгисиз тарапка кеткенин» айтышкан. Кийин 2002-жылы туулган Ж.А. аттуу келин жолдошуна чара көрүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган.

«Денесине жарат келтирүү боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Эми анын жыйынтыгы менен тийиштүү юридикалык баа берилет. Бул факт Октябрь РИИБнин КЖБРне катталды», — деп айтылат РИИБдин билдирүүсүндө.

Милиция аялга кол көтөргөн адамдын ким экени такталганын, ал 1994-жылы туулган Т.А. аттуу жаран экенин кошумчалады. Ал Октябрь РИИБнин тергөө бөлүмүнө жеткирилди.