Акылбек Жапаров чиновниктерге шайлоого аралашпоо талабын койду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик кызматкерлерди жана жетекчилерди шайлоо процессине аралашпоого чакырды.

«Урматтуу бюджеттен айлык акы алган кызматкерлер жана жетекчилер! Сиздердин үгүт иш-чараларына катышууңуздардын кереги жок. Түз кызматтык милдеттериңиздерди аткарыңыздар. Сиздердин милдетиңиздер – шайлоолорду өткөрүү үчүн шарттарды камсыздоо. Жарандык позицияны шайлоо күнү добуш берүү аркылуу билдире аласыздар. Бүгүнкү күндө шайлоо процессине кийлигишпеңиздер», —деп билдирди ал.

Видео: Минкабдын маалымат кызматы.

Министрлер кабинетинин төрагасы үгүт иштери башталгандан бери 10 күндүн ичинде мыйзам бузуу болуп, президентинин жарлыгы жетиштүү деңгээлде аткарылбаганы үчүн ОшМУнун ректору, деканы жана үч мугалими жумуштан бошотулганын билдирди.

Муну менен катар Лейлек районунун акими да кызматынан алынды, ал эми Исфана жана Ош шаарларынын мэрлерине, анын ичинде билим берүү министрине сөгүш жарыяланды.

Жапаров эгерде жетекчилер ээлеген кызматтарынан кеткиси келбесе, анда алар президентинин жарлыгын так аткарышы керек деп шарт койду.

Минкабдын төрагасы президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 1-ноябрында «Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндөгү» жарлыкка кол койгонун да эскертти.

Жапаровдун айтымында, минкаб бул жарыктын негизинде иш-чаралардын планын иштеп чыгып, министрликтерге жана башка маморгандарга жөнөткөн.

Мындан сырткары, минкабдын төрагасы Боршайком 9-ноябрга карата шайлоо мыйзамдары бузулган 59 бузууну каттаганын, анын ичинен 29у Координациялык топко келип түшкөнүн билдирди.

Жогорку Кеңешке шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген. Ал аралаш система менен өтөт. 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдардан өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер катары шайланат.

Дагы окуңуз:

«Жазалоо катуу болот». Оштун мэри кызматкерлерине шайлоого аралашпоону эскертти