«Жазалоо катуу болот». Оштун мэри кызматкерлерине шайлоого аралашпоону эскертти

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов 2-октябрдагы коллегиялык жыйында мэриянын кызматкерлерин, муниципалдык ишкана жетекчилерин жана аймактык башкармалыктардын жамаатын парламенттик шайлоого аралашпоону эскертти.

Ал буга чейинки «баш аламандыктар, чыр-чатактар жана төңкөрүштөр шайлоодон улам келип чыкканын» айтып, «бул системаны бузуу керек» деп белгиледи.

«Өзгөчө МАБтар, домкомдорго айтып койгула, маалымат жетип атат. “Тиги партияга, бул кандидатка” дегендерди укпайын. Бул жакта коопсуздук кызматы, прокуратура, милиция чара көрөт. Билбей калат деп ойлобогула, ким кимге иштеп атат, ким кимге чуркап атат бат эле жетет. Токтоткула мындайды. Кимге буюрса ошол өтөт, ошол депутат болот», — деди ал.

Ошондой эле Мамбетов муниципалдык кызматкерлерге «кайсы бир талапкерге же партияга добуш алып берүүнү убадалабагыла» деп айтты.

«Шайлоого аз калды. 28-октябрда үгүт иштери башталат. Ага чейин “менин жамаатымда мынча киши бар, ушунча добуш алып берем” деген убадаларды бирөөңөрдөн дагы укпайын. Жазалоо катуу болот. Азыр алдын ала эскертип атам, кийин “укпай калдым, билбей калдым, кечирип койгула” деген болбосун», — деди мэр.

Шайлоо мыйзамсыз өткөндөн кийин кызматынан алынган мэр

11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөңдөн кийин Ош шаарынан алты партия шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турганын айтып митинг өткөргөн. Алар шайлоонун «ыплас» өткөнүнө, буга тиешелүү органдар чара көрбөгөнүнө нараазы болушкан.

Ошондой эле алар айрыкча «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы «админресурс колдонгонуна, добуш сатып алганына жана мыйзамсыз иштерге барганына» даттанышкан. Аталган партиянын дээрлик жарымын мамлекеттик кызматкерлер түзгөн.

Бир айдан соң БШК шайлоонун жыйынтыгын «массалык мыйзам бузууларга» байланыштуу жокко чыгарып, кайра шайлоону 11-июлга дайындаган.

Шайлоо алдында президент Садыр Жапаров Оштун ошол кездеги мэри Таалайбек Сарыбашов менен жолугуп, админресурска жол бербөөнү тапшырган.

Өлкө башчы 11-апрелде өткөн шайлоодо айрым жергиликтүү жетекчилер «өткөн окуялардан сабак албай, мыйзам бузууларга жол бергендигине байланыштуу» Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылганын белгилеген.

Шайлоо өнөктүгүнүн алдында шайлоого катышкан бир нече партия административдик ресурстун колдонулуп жатканына даттанышкан. Ошондой эле мэр Таалайбек Сарыбашовдун да аты аталган.

11-июлдан кийин да беш партия АШКга шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча арыз берген. Алар шайлоодо добуш сатып алууга шектелип кармалган анык кандидаттар болгонун, Сарыбашов президенттин тапшырмасын аткара албаганын белгилешкен.

Ал эми 2-августта Сарыбашов башка кызматка которулат деген жүйөө менен кызматтан кеткен. Ошол эле күнү ал Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалып, бирок он күндөн кийин өз арызы менен кызматын тапшырган — экс-мэр парламенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин билдирген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган, ага 592 млн 531 миң сом сарпталат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жаңы Конституцияга ылайык аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.