«Чубак ажы менен түшкөн сүрөт». «Бүтүн Кыргызстандын» талапкери айыпка жыгылды

Скрин «Мекендеш ТВнын» түз эфиринен алынды

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкери Сагынбек Кудаяровго 7,5 миң сом айып пул салынды. Мындай чечим БШКнын 9-ноябрдагы отурумунда кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, Кудаяров «Бүтүн Кыргызстандын» Баткен облусунун Исфана шаарындагы иш-чарада партиянын лидери Адахан Мадумаровго диний аалым, маркум Чубак Жалиловдун сүрөтү бар килемди белек кылган.

Сүрөттү тартуулоо аземи «Мекендеш ТВ» баракчасында түз эфирде чагылдырылган. Анда белекке берилген сүрөттө «Алган да арам, берген да арам» деген жазууну көрүүгө болот.

*Бул жерде Чубак Жалиловдун добуш сатып алуу тууралуу айткан сөздөрүнө шилтеме берилген болушу ыктымал. Анткени маркум шайлоодо добушту сатпоого чакырган болчу.

Борбордук шайлоо комиссиясы мындай аракет шайлоо мыйзамынын 28-беренесине туура келбейт деп белгиледи. Анткени үгүт материалдарда «диний тематикага шилтеме жасоого жол берилбейт».

БШК Кудаяров Бузуулар жөнүндө кодексинин «Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу» беренесин бузган деп таап, ага 7,5 миң сом айып салды. Ал эми Кудаяров териштирүү маалында мыйзам бузганын моюндаган.

Экс-муфтий Чубак ажы Жалилов өткөн жылдын июль айында пневмониядан улам каза болгон.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.