Кыргызстанда сасык тумоого кабылгандардын саны аптасына 12 миңге жеткени айтылды

Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева брифинг учурунда аптасына 12 миңден ашык адам курч респиратордук вирустук инфекцияга (КРВИ) чалдыгып жатканын билдирди. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,7 эсеге көп.

Оторбаева быйыл сасык тумоо мезгили адаттагынан эрте — сентябрдын аягында башталганын белгиледи. Мурда КРВИ менен ооругандардын эң жогорку көрсөткүчү ноябрдын аягына, декабрь айынын башына туура келчү.

Анын айтымында, мезгилдүү сасык тумоо менен ооругандардын көпчүлүгү Бишкек шаарында. Борбор калаада бир жумада эле 4 миңден ашык ооруган адам катталган. Чүй облусунда 3 миңден ашса, Таласта 600 киши. Баткенде 1000ден ашык адам илдетке кабылган.

Сасык тумоого кабылгандардын дээрлик 68%ы — 14 жашка чейинки балдар.

Сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын саны көбөйгөнү Ошто да байкалууда. Шаардык мэриянын басма сөз кызматы 10-ноябрда сасык тумоодон улам кайрылган балдардын саны кескин өскөндүктөн Ош шаардык ооруканасында кошумча 60 койка орун даярдалганын билдирди.

Ош облустук балдар ооруканасы. Сүрөт: Азамат Абсаттаров

Бишкекте болсо октябрдын аягында эле КРВИ жана пневмония менен ооруган балдар үчүн кошумча стационар ачылган болчу.

Тема боюнча:

Ош шаардык ооруканасында сасык тумоого чалдыккан жаш балдар үчүн кошумча 60 орун даярдалды