Ош шаардык ооруканасында сасык тумоого чалдыккан жаш балдар үчүн кошумча 60 орун даярдалды

Ош облустук балдар ооруканасында сасык тумоого чалдыгып кайрылган балдардын саны көп болгондуктан, шаардык ооруканада 60 орун даярдалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Иш-чара сезондук курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) менен ооругандардын көбөйүшүнө байланыштуу жүргүзүлүүдө», — деп айтылат мекеменин пресс-релизинде.

Ош шаардык оорукананын башкы дарыгери Кыялбек Ташполотов жалпысынан сасык тумоо менен 200гө чукул жаш бала дарыланып жатканын кабарлады. Ташполотов мындан улам медиктерге кошумча иш жүктөлүп жатканын белгиледи.

«[Медкызматкерлер] жетишпей жатканына карабастан ар жактан күчтөрдү тарттырып жатабыз [...] Бул жылда болуп турган кадимки көрүнүш, буга чейинки жылдарда да ушундай болгон», — деди ал.

Ош облустук балдар ооруканасынан «Клоопко» билдиришкендей, 7-ноябрга карата сасык тумоо менен түшкөн жаш балдардын саны 500дөн ашкан. Ал эми 8-ноябрда ооруканага дагы 35 бейтап кайрылган.

Ошондой эле, мекемеден эгерде жаш бала башка аймактан оор абалда келсе ал облустук ооруканада дарыланарын, ал эми илдет жеңил өтүп жатса аймактык ооруканага жиберилерин билдиришти.

Буга чейин мэриянын мурдагы басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров Фейсбукта Ош облустук балдар ооруканасында орундар жетишсиз болуп, энелер жана балдар коридордо жатканы боюнча сүрөт жарыялаган. Ал мындай абалга балдарын бейтапканага алып барганда күбө болгонун белгилеген.

Сүрөт: Азамат Абсаттаров

Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин Бишкек шаарындагы клиникалык балдар ооруканасына жана Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна КРВИ менен пневмонияга чалдыккан балдар үчүн кошумча орундарды ачкан. Буга сасык тумоо менен ооруган жаш балдардын саны көбөйүп, медициналык мекемелерде орундар жетишпей жатканы себеп болгон.

Министрликтин маалыматына ылайык, октябрдын ортосунда өлкө боюнча сасык тумоону жуктургандардын саны 5 миңдей бейтапты түзгөн — анын 94%ын 14 жашка чейинки жаш балдар түзөт.

ССМдин алдын ала божомолдору боюнча, 2021-жылдын декабрь айынын экинчи жарымында КРВИни жуктургандардын саны дагы көбөйөт. Мындан улам бийлик сасык тумоого каршы «Гриппол плюс» вакцинасынын 134 миң дозасын сатып алып, тобокелдик тобунда болгон жарандарды эмдөөдө.