Банктар союзу: Элдин банктык эсептери тууралуу маалыматтар ачыкталышы мүмкүн

Салык кодексинин жаңы долбоорунда банктарды салык кызматына кыргызстандыктардын эсебиндеги салык маалыматтарын соттун чечими жок эле берүүгө милдеттендирген ченем күчүндө калды. Бул парламенттик угууда долбоорду талкуулоо учурунда белгилүү болду.

Буга чейин юристтер, эксперттер жана бизнес коомчулук жаңы долбоордо көптөгөн карама-каршылыктар, коррупцияга ыңгайлуу чөйрө, ал тургай колдонуудагы Баш мыйзамга каршы келген жагдайлар бар экенин айтып, кескин сынга алышкан. Андан сырткары, жаңы кодекстин долбоорундагы кыргызстандыктарды банктык купуялуулуктан ажыратуучу демилге дагы cынга кабылган.

Сын-пикир жана эксперттердин анализин эске алуу менен Салык кодексине түзөтүү киргизилди, бирок кыргызстандыктарды банк купуялуулугунан ажыратуу идеясы сакталып калды. Парламенттин профилдик комитети жаңы Салык кодексинин долбоорун ушул идея менен бирге жактырды.

Кыргызстандагы Банктар союзунун төрагасы Анвар Абдраев банктар бизнес субъектилердин салыктарды төлөө боюнча аракеттерин жана кыймылын көзөмөл кылуу учүн мамлекетке көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. Бирок алар мыйзамды бузбай жардам берүүнү каалашат, ал эми учурда болсо кодекстин долбоору мыйзамга каршы келет.

«Тилекке каршы, салык органдарынын өтүнүчү менен банктар кардарларынын эсептериндеги каражаттардын кыймылы боюнча маалымат берүүсү боюнча ченем Конституцияга, Жарандык кодекске, Улуттук банк тууралуу жана банктардын ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзамдарга каршы келет», — деп билдирди Абдраев.

Мындан тышкары, Абдраевдин айтымында, дагы бир нюанс бар — накталай эмес төлөмдөргө карата сатуу салыгы. Союздун башчысы аны нөл көрсөткүчүндө калтырууну сунуштайт.

«Бизнести көмүскөдөн чыгаруу — убакыттын талабы. Банк сектору өлкө ичиндеги жана сыртындагы субъектилер жана объекттер аркылуу ишке ашырылып жаткан көптөгөн операцияларды көмүскөдөн чыгаруу үчүн өкмөткө олуттуу жардам көрсөтүүгө даяр. Ошондуктан сатуу салыгын мөөнөтсүз калтырган дурус болмок, тагыраагы, накталай эмес төлөмгө нөлдүк салыкты эле калтыруу», — деп сунуштады чиновник.

Ал банктар ансыз да салыкты 100% төгүп атканын, башка кыргызстандыктар деле салык төлөшүн каалап жатканын белгиледи. Бирок ал аткаруудагы мыйзамга каршы эмес, тескерисинче ага ылайык болушу керек экенин айтты.

«[…] бул процесс толугу менен мыйзамга негизделиши керек. Чечүүнүн эки жолу бар: Конституциянын беренелерин, Жарандык кодексти жана мыйзамдарды өзгөртүү. Экинчи жолу: биз муну Салык кодексинин мисалында колдонгонбуз — салык төлөбөгөндөргө соттун чечими менен өлкөдөн чыгууга тыюу салынат. Бирок бул учурда сот тез арада, бир күндүн ичинде чечим чыгарышы керек. Эгер андай болбосо, салык органдарына маалыматтарды өткөрүп берсек, банктар андай акылдуулардын дооматтарына көмүлүп калышат. Эгер долбоорду ушул бойдон кабыл алсак, банк сектору дагы, башкалар дагы чоң көйгөйгө кабылат», — деп жыйынтыктады Банктар союзунун башчысы.

Жаңы салык кодексине дагы эмнелер сунушталып жатканын жана юристтердин, эксперттердин пикири боюнча эмнелер туура эмес экенин төмөнкү макаладан окусаңыз болот:

Эми кардардын банктык маалыматы купуя болбойт. Салык кодексине түзөтүү сунушталды