ИИМ: Үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөткөндөр жети суткага чейин камалат

ИИМдин өкүлү Жолболду Көчкөнов БУУнун кыйноолорго каршы комитеттинин сессиясындагы отчётунда кыргыз майзамдарында үй-бүлөдөгү зомбулук үчүн жазалар бар экенин айтты. Бул 30-60 миң өлчөмүндөгү айып пул, 4-6 айга чейинки түзөтүү иштери же 40-60 саат коомдук жумуштар. Көчкөнов үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөткөндөргө карата мындай жазалар 2019-жылдагы жаңы кодексти гумандаштыруунун алкагында кабыл алынган деп айтып жатат.

«Кийинчерээк зомбулуктан запкы жеген жарандарды коргоо максатында Кылмыш процессуалдык кодексинин (КПК) 504-беренесине өзгөртүү киргизилген, анда зомбулукка барган адам 48 саатка чейин камакка алынат. Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин жаңы редакциясында 7 суткага чейин камакка алуу жазасы киргизилген», — деди Көчкөнов. Ал үй-бүлө мүчөлөрүнө зомбулук көрсөткөн адам түзөтүү программасына баш ийбесе, жоопкерчиликке тартыларын кошумчалады.

Көчкөнов үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендер зөөкүргө карата айып пул түрүндөгү жаза каралганына нааразы болгондуктан мыйзамдын ченемдерине түзөтүү киргизилгенин айтып берди. Анткени мындай учурда жазанын оордугу үй-бүлөгө жүктөлөт — айып пул үй-бүлөөлүк бюджеттен төлөнөт.

Кыргызстандагы үй-бүлөдөгү зомбулук

Акыркы бир нече жылда Кыргызстанда жылына 7000ден ашык үй-бүлөдөгү зомбулук фактысы катталып жатат. Мындан сырткары, зомбулуктун эсепке алынбаган көп сандагы учурлары бар, анткени жабыркагандардын баары эле милицияга кайрыла бербейт. Бул үй-бүлөдөгү зомбулуктун масштабы расмий стастикадан алда канча көп экенин билдирет.

Үй-бүлөлүк агрессорду реалдуу жазага тартуу өтө кыйын — көпчүлүк иштер административдик жоопкерчилик катары кабыл алынып, айыпкер айып төлөө жана коомдук жумуштарды аткаруу менен кутулуп кетет.

Ал эми зөөкүр жазага тартылбашын жакшы билгендиктен зомбулугун уланта берет. Бул өз кезегинде жабырлануучунун тагдыры өлүм менен аякташы мүмкүн экенен кабар берет.

«Клооптун» журналисттеринин Кыргызстандагы фемицид тууралуу иликтөөсү аялдарды көп учурда күйөөсү жана өнөктөштөрү өлтүрөрүн көрсөткөн, ал эми өлүмдөр — убагында чара көрбөгөн үй-бүлөдөгү зомбулуктун кесепети.

Кризисттик борборлордун даректери:

  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 0312512640
  • «Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 0772328960
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош обл. Гүлчө айылы 0555281423
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 0776380777
  • «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461
  • «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890
  • «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084
  • «Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары 0709694550
  • «Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары 0706383637