«Сүрөтү алынды». ИИМ Жаныш Бакиевдин портретин илгени үчүн кечирим сурады

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ведомствонун фойесиндеги аталган кызматтын мурдагы жетекчилеринин катарында илинген Жаныш Бакиевдин портретин алып салды жана элден кечирим сурады. Бул тууралуу «Кабар» мамлекеттик агенттиги ИИМдин басма сөз кызматына таянып жазды.

Мекеме Жаныш Бакиевдин портретинин стендде илинишин «калпыстык» деп атады.

Жаныш Бакиевдин портрети алынгандан кийинки стенд. Сүрөт: 24.kg

«[Стендде] баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын мурдагы жетекчилеринин сүрөттөрү илинген, Жаныш Бакиев дагы тизмеде бар болчу. Бул жерде кандайдыр бир ниет болгон эмес. Бирок калпыстыкты жоюп, портретти дубалдан алып салдык», — деп айтылат министерликтин билдирүүсүндө.

11-ноябрда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) фойесинде мекемени мурда жетектеген адамдарга арналган стендди ачууга байланыштуу салтанаттуу иш-чара өткөнү белгилүү болгон. Кызматты мурда жетектегендердин портретинин арасында 2000-2001-жылдары ИИМдин баңгизат бизнесине каршы күрөшүү боюнча башкармалыгын жетектеген Жаныш Бакиевдин да портрети илинген.

Жаныш Бакиевдин портрети үстүңкү катардан үчүнчү. Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы.

Бул коомчулукта резонанс жаратып, социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан.

Сыртынан өмүрүнүн акырына чейин кесилген

Жаныш Бакиев — Кыргызстандын экинчи бозгун президенти Курманбек Бакиевдин иниси. Ал өлкөнү агасы башкарып турганда Мамлекеттик күзөт кызматын башкарган.

Курманбек жана Жаныш Бакиевдер.

Сот 2013-жылы 2010-жылдагы апрель революциясында тактан кулатылган президент Курманбек Бакиевди сыртынан 24 жылга эркинен ажыраткан, ал эми иниси Жаныш Бакиев өмүр бою кесилген.

Алар президенттик аппараттын экс-жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталышкан. Сот Жаныш Бакиевди адам өлтүрүү, кыйноо, адам уурдоо, УКТ түзүү жана өлгөн адамдын сөөгүн мазактоо боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Сот оор жана өзгөчө оор кылмыш жасаганы үчүн Жаныш Бакиевди «генерал-лейтенант» аскердик наамынан ажыраткан.