ИИМдин баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын фойесинде Жаныш Бакиевдин портрети илинди

Бишкекте 10-ноябрда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын (БМЖККК) мурда жетектеген адамдарга арналган стендди ачууга байланыштуу салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Кызматты мурда жетектегендердин портретинин арасында 2000-2001-жылдары ИИМдин баңгизат бизнесине каршы күрөшүү боюнча башкармалыгын жетектеген Жаныш Бакиевдин да портрети илинип турат.

ИИМдин БМЖКККсынын мурдагы жетекчилеринин портреттери.

Жаныш Бакиевдин портрети биринчи катарда үчүнчү турат. Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

Стенддин ачылышына ИИМдин башчысынын орун басары Нурбек Абдиев, БМЖКККнын ардагерлери жана мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев катышты.

«Кызматтын [БМЖКККнын] начальниги Уланбек Султанов ардагерлердин ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө кошкон зор салымдарын, ошондой эле стендди ачуу аларга карата сый-урмат көрсөтүү экендигин баса белгиледи», — деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматында.

ИИМдин БМЖКККсынын жетекчилеринин стендин ачуу аземи. Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

Министрлик иш-чарада ардагерлер, БМЖККК кызматкерлеринин жубайлары сыйланып, ал «жылуу жана достук атмосферада өткөнүн» кошумчалашты.

Жаныш Бакиев деген ким?

Жаныш Бакиев — Кыргызстандын экинчи бозгун президенти Курманбек Бакиевдин иниси. Ал өлкөнү агасы башкарып турганда Мамлекеттик күзөт кызматын башкарган.

Сот 2013-жылы 2010-жылдагы апрель революциясында кулатылган президент Курманбек Бакиевди сыртынан 24 жылга эркинен ажыраткан, ал эми иниси Жаныш Бакиев өмүр бою кесилген.

Алар президенттик аппараттын экс-жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталышкан. Сот Жаныш Бакиевди адам өлтүрүү, кыйноо, адам уурдоо, УКТ түзүү жана өлгөн адамдын сөөгүн мазактоо боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Сот оор жана өзгөчө оор кылмыш жасаганы үчүн Жаныш Бакиевди «генерал-лейтенант» аскердик наамынан ажыраткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эгерде Бакиев Кыргызстанга келсе, камакка алынат — Башкы прокуратура

Байсалов: Курманбек Бакиев кандай болбосун өлкөбүздүн президенти болгон