«Шамбала» Бүткүл дүйнөлүк Азия кинофестивалында «көрүүчүлөрдүн тандоосу сыйлыгына» татыды

Кыргызстандык режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Лос-Анжелесте өткөн Бүткүл дүйнөлүк Азия кинофестивалында «көрүүчүлөрдүн тандоосу сыйлыгын» жеңди. Бул тууралуу «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

«Шамбала» тасмасы доктор Дао жана Линдин 10 миң доллар сыйлыгын алды.

Эл аралык Азия кинофестивалы (AWFF) 2-11-ноябрь күндөрү Лос-Анджелесте өттү. Жеңүүчүлөрдү Беверли-Хиллздеги Сабан театрында өткөн жабык гала-кечеде жарыялашкан. «Ак илбирс» сыйлыгын тапшыруу аземине «Түбөлүктүүлөр» тасмасынын режиссёру Хлоя Чжао, «Эбегейсиз бай азиаттар» тасмасында роль жараткан актриса Лиза Лу сыяктуу азиялык жана голливуд жылдыздары катышты.

«Ак илбирс» сыйлыгын эң мыкты тасма деп табылган грузин кинорежиссёрунун «Брайтон 4чү» тасмасы алды. Эң мыкты эркектин ролу наамы казакстандык актёр Толепберген Байсакаловго, эң мыкты аялдын ролу наамы Индонезиялык Аравинд Киранга тапшырылды.

Кинофестиваль жети жылдан бери өтүп келет. Бүткүл дүйнөлүк Азия кинофестивалдын негиздөөчүсү жана төрагасы Садык Шер-Нияз. Фестиваль Азиянын 50дөн ашык мамлекетиндеги, Түркия баштап Жапонияга чейинки, Орусиядан тартып Индия жана Жакынкы чыгышка чейинки тасмаларды колдоп келет.

Буга чейин Сүйүндүковдун тасмасы Балтия, Грузия жана Көз карандысыз шериктеш мамлекеттердин арасындагы эң мыкты тасма деп табылып, «Ника» 2020 киносыйлыгын алган.

«Шамбала» тасмасы Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде 2020-жылы тартылган. Ошол эле жылы Шанхайдагы эл аралык фестивалда тасманын дүйнөлүк бет ачары болгон.

Сүйүндүковдун айтымында, ал тасма тартууга уруксатты повесттин автору Чыңгыз Айтматовдун өзүнөн алып, батасын алган.