Башкы прокуратура: Баткен бийлиги мамлекетке 12 млн сом зыян келтирди

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 15-ноябрда Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары мамлекетке 12 млн сомдон ашык зыян келтиргенин кабарлады.

Маалыматка ылайык, алар аткарылбаган жана бүткөрүлбөгөн курулуш иштери үчүн жеке жактарга 12,4 млн сом которушкан.

Башкы прокуратуранын тактоосуна ылайык, Баткен облустук медиа борбордун административдик имараты үчүн — 11,4 млн сом, Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы орто мектептин окуу корпусу үчүн — 1,06 млн сом которулган.

Прокуратура «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен тергөө амалдарын баштады.

Баткендеги жаңжалдан кийин чогулган каражаттар кайда жумшалган?

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү октябрдын аягында 2021-жылдын апрелиндеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыр тарткан айылдарды калыбына келтирүү үчүн облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебине келип түшкөн каражаттардын жумшалышы боюнча отчёт берген.

Алардын маалыматы боюнча, ачылган атайын эсепке жарандардан 119 млн 659 миң сом келип түшкөн.

«Мамкурулуш 72 млн 683 миң сомго тендер жарыялаган. Атайын комиссиянын макулдугу менен 52 млн 98 миң сомго иштер аткарылган, дагы 20 млн 584 миң сом алдыдагы аткарылуучу иштерге бөлүнүп берилет», — деп айтылган отчётто.

Курулуштан тышкары, жаңжалда жабыркаган 16 жарандын дарылануусуна жана 50 баланын эс алуусуна да 1 млн 799 миң сом бөлүнгөн.

«Калган 65 млн 847 миң сом жергиликтүү тургундар жана жергиликтүү бийлик менен макулдашылгандан кийин минкабдын төрагасы башчылык кылган атайын комиссиянын чечимине ылайык жумшалат», — деп билдиришкен өкүлчүлүктөн.

Мамлекеттик бюджеттен 700 млн сом бөлүнгөн. Президент Садыр Жапаров Баткенге барганда аталган каражаттын 500 млн сому социалдык объектилерди (мектептер, бала бакчалар, жолдор) курууга жана ремонттоого жумшалганын, ал эми калган 200 млн сому талкаланган жана өрттөлгөн турак-жайларды калыбына келтирүүгө багытталганын билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда кыргыз тараптан 36 киши каза болуп, 154 адам жабыркаган. Тажикстандын бийлиги 19 тажикстандык каза таап, 87 киши жарадар болгонун билдирген.

Жаңжалда Баткен облусунда жүздөн ашык үй, үч чек ара посту, эки мектеп, бир бала бакча, бир медициналык мекеме, милициянын имараты, он май куюучу бекет, сегиз дүкөн, төрт соода түйүнү, төрт соцобъект жана башка беш мамлекеттик мекеменин имараты өрттөлүп жана кыйраган. Айрым калктуу жайлар толугу менен кыйроого учураган.

Тема боюнча окуңуз:

Лейлектин Максат айылынан сүрөт баян