Мамкызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигин Элчибек Жантаев жетектейт

Президент Садыр Жапаров 15-ноябрда Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигине Элчибек Жантаевди жетекчи кылып дайындады.

Элчибек Жантаев үстүбүздөгү жылдын май айынан тартып Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү боюнча агенттиктин директору болуп иштеп жаткан.

48 жаштагы Жантаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда туулган. Бухгалтердик эсеп жана аудит багытында жогорку билимге ээ болгон.

Эмгек жолун кичи мекени Ак-Чий айылдык кеңешинде экономист катары иштеп баштаган. 2018-2020-жылдары Түп райондук администрациясынын башчысы болуп эмгектенген.

Ал эми 2020-жылдын ноябрында отставкага кеткен Балбак Түлөбаевдин ордуна өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Эмне болгон агенттик?

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу максатында кабыл алган токтомуна ылайык түзүлгөн.

«Мамлекеттик органдардын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө» буйрукка өлкө башчысы 2021-жылдын 6-ноябрында кол койгон. Агентттик Мамлекеттик кадр кызматы менен Айыл чарба министрлигинин базасында түптөлгөн.