Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Элчибек Жантаев дайындалды

Элчибек Жантаевди дайындоо боюнча буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Жантаев бул кызматка дайындалганга чейин Ысык-Көл облусунун ыйгарым укутуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеген. Ал бул кызматты 2020-жылдын июлунан тарта аркалаган. Буга чейин аткаминер Түп районунун акими болуп эмгектенген.

Жантаевди жаңы кызматка дайындоо тууралуу чечими облустун мурдагы ыйгарым өкүлү Балбак Түлөбаев отставкага кеткенден кийин кабыл алынган.

Түлөбаев учурда Бишкектин мэринин милдетин аткарууда. Ал өз функциясын 2021-жылы апрелде жаңы мэр дайындалганга чейин аткарат.