Маркум жазуучу-драматург Мар Байжиевдин небереси Дастан Байжиев твиттер барагында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин билдирүүсүн төгүнгө чыгарды. Бейшеналиев буга чейин «Ала-Тоо 24» каналынын эфиринде жазуучу эмдөөдөн өткөн эмес деп билдирген болчу.
«Биз коронавирусту калктын вакцинациясы аркылуу гана жеңе алабыз. Учурда ооруп жаткан, кишилердин көбү эмдөөдөн өтпөгөнү үчүн өкүнүп жатышат. Ооругандардын көпчүлүгү 70 жаштан ашкан, башка дагы өнөкөт оорулары бар адамдар. Белгилүү адамдар өтүп кетип жатканы өкүндүрөт. Жакында эле Мар Байжиев өтүп кетти. Биз аны менен маектешкен учурда, анын эмдөөдөн өтпөгөнү белгилүү болгон», — деген ошондо Бейшеналиев.
Жазуучу 29-октябрда дүйнө салган, бирок ага эмне себеп болгону айтылган эмес.
«Урматсыз министр, эки нерсе боюнча тактоо киргизгим келет: биринчиден, сиз аны менен сүйлөшкөн эмессиз, экинчиден, чоң атам эмдөөдөн өткөн», — деп жазды Дастан Байжиев.
Дастан Байжиев 24.kgге курган маегинде чоң атасы коронавирус менен ооруп, ооруканада дарыланып жатканын айткан.
«Ал эмделген эмес деген сөз чындыкка коошпойт. Ал эмдөөдөн өткөн. Менде эмделгени тууралуу сертификаты бар», — деди Дастан Байжиев.
Мар Байжиев деген ким?
Мар Байжиев — прозаик, публицист, драматург, журналист, театр жана кино режиссёру, адабиятчы. Ал 86 жаш курагында дүйнө салган.
Ошондой эле Байжиев 3чү даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендеринин ээси, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери жана Кыргыз кинематографиясынын отличниги болгон. Мындан сырткары ал «легендарлуу парламенттин» депутаты.
Байжиев өзү «Балдар бойго жеткенде», «Эрөөл», «Эр намысы», «Ар бир үйдө майрам», «Кыз-күйөө», «Алтынчы күнү кечинде», «Узак сапардагы поезд» пьесаларынын, «Кожожаш» эпосунун мотиви боюнча «Байыркы жомок» драмасынын автору.
Анын сценарийи боюнча «Кыргызфильм» студиясында «Ак илбирстин тукуму», «Алтын күз», «Өзбекфильмде» «Бөтөн бакыт» жана «Нөшөр», ал эми «Казактелефильмде» «Жаңы жыл алдындагы түн» толук метраждуу көркөм фильмдери тартылган. Ошондой эле Байжиевдин аңгемелеринин негизинде да бир катар кыска метраждуу көркөм фильмдер жарык көргөн.
Мындан сырткары Байжиев Касымалы Жантөшев, Тоголок Молдо жана бир катар башка авторлордун чыгармаларын орус тилине которуп, «Манас» эпосунун орус тилинде чыгышына салым кошкон.
Калемгердин балалыгы, чыгармачылык тагдыры да татаал болуп, балалыгы Улуу Ата Мекендик согуштун оор жылдарына туш келген. Анын атасы Ташым Байжиев советтик агартуучу, драматург, окумуштуу, «Манас» эпосунун изилдөөчүсү болгон. Ал 1950-жылы репрессияга кабылып, 1952-жылы каза болгондон кийин толук акталган.
ТЕМА БОЮНЧА: