Эл жазуучусу Мар Байжиев 86 жашында каза болду

Мар Байжиев

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев 29-октябрь күнү 86 жаш курагында каза болду. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 31-октябрда, Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук Опера жана балет театрында өтөт.

Мар Байжиев 1935-жылы Жалал-Абад облусунда төрөлгөн. Ал прозаик, публицист, драматург, журналист, театр жана кино режиссёру, адабиятчы, котормочу катары белгилүү болгон.

Ошондой эле Байжиев 3чү даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендеринин ээси, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери жана Кыргыз кинематографиясынын отличниги болгон. Мындан сырткары ал «легендарлуу парламенттин» депутаты.

Байжиев өзү «Балдар бойго жеткенде», «Эрөөл», «Эр намысы», «Ар бир үйдө майрам», «Кыз-күйөө», «Алтынчы күнү кечинде», «Узак сапардагы поезд» пьесаларынын, «Кожожаш» эпосунун мотиви боюнча «Байыркы жомок» драмасынын автору.

Анын сценарийи боюнча «Кыргызфильм» студиясында «Ак илбирстин тукуму», «Алтын күз», «Өзбекфильмде» «Бөтөн бакыт» жана «Нөшөр», ал эми «Казактелефильмде» «Жаңы жыл алдындагы түн» толук метраждуу көркөм фильмдери тартылган. Ошондой эле Байжиевдин аңгемелеринин негизинде да бир катар кыска метраждуу көркөм фильмдер жарык көргөн.

Мындан сырткары Байжиев Касымалы Жантөшев, Тоголок Молдо жана бир катар башка авторлордун чыгармаларын орус тилине которуп, «Манас» эпосунун орус тилинде чыгышына салым кошкон.

Калемгердин балалыгы, чыгармачылык тагдыры да татаал болуп, балалыгы Улуу Ата Мекендик согуштун оор жылдарына туш келген. Анын атасы Ташым Байжиев советтик агартуучу, драматург, окумуштуу, «Манас» эпосунун изилдөөчүсү болгон. Ал 1950-жылы репрессияга кабылып, 1952-жылы каза болгондон кийин толук акталган.