Москва облусунда кулаган өтмөк. Кыргызстандыктарга кенемте төлөндү

Москванын Ступино айылындагы ишканада кулаган өтмөккө байланыштуу иш кыскартылды. Ал жерде иштеген мигранттарга, алардын көбү кыргызстандыктар, 50 миң рублдан кенемте төлөндү. Бул тууралуу Орусиянын «Коммерсантъ» басылмасы жазды.

Кулаган өтмөк. Сүрөт: Орусиянын тергөө комитети.

Өтмөктүн кулашы

2020-жылдын 27-сентябрында Москванын Ступино айылында жайгашкан «ФМ Лоджистик Сидорово» ишканасында темир өтмөк кулап, 51 адам жабыркаган, алардын 49у кыргызстандыктар болгон.

Өтмөк салмакты көтөрө албай кулаган — ал учурда көпүрөнүн үстүндө 160 адам болгон: түнкү нөөмөт ишин тапшырып, күндүзгүсү ишке киришип жаткан. Көпүрө 4 м бийиктикте орнотулган, ал эми куткаруу иштерине Орусиянын ӨКМи тик учак колдонгон.

Жабыркаган төрт адам оор абалда жакынкы шаарлардагы ооруканаларга тик учак менен жеткирилген.

Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловго кыргызстандыктарга тийиштүү меджардам көрсөтүү жана аларды ооруканага жаткыруу маселенин жеке көзөмөлгө алуу тапшырмасын берген.

Аталган факт боюнча Орусиянын тергөө комитети «Эмгекти коргоо талаптарын бузуп, шалаакылык кылуу менен адамдардын ден-соолугуна оор даражада зыян келтирүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Анда тергөө комитетинин башчысы Александр Бастыркин Ступиного криминалисттерди жөнөткөн. Мындан сырткары, окуяны «толук кандуу жана ар тараптуу » иликтөө үчүн ишти Комитеттин борбордук аппаратынын тергөөчүлөрү алып барары айтылган.

Сот чечими

«Коммерсантъ» басылмасы билдиргендей, иликтөөнүн алкагында көпүрө 2008-жылы орнотулганы аныкталган. Аны колдонуу жана коопсуздугун камсыздоо ишин «ФМ Лоджистик Востоктун» техникалык кызматынын жетекчиси Роман Дубовицкий көзөмөлдөшү керек болчу. Ал күнөөсүн мойнуна албай койгон, ал эми сот ага ишти кароо маалында кылмыш ишинде тигил же бул макамда өтүп жаткандарда менен сүйлөшүүгө тыюу салып, андан тышкары, «ФМ Лоджистик Восток» ишканасынын кампаларынан 100 метр алыстыкта жүрүүгө милдеттендирген.

«Жыйынтыгында иш “ФМ Лоджистик Восток” менен жабыркагандардын элдешүүсү менен аяктаган. Жабыр тарткандарга 50 миң рублдан кенемте төлөнгөн», — деп жазат «Коммерсантъ».

Басылманын маалыматы боюнча, жабыркагандар соттон Дубовицкийге каршы ишти «Эмгекти коргоо талаптарын бузуу» беренесине квалификация кылуусун өтүнүшкөн. Бул берене боюнча техкызматтын жетекчиси күнөөсүн мойнуна алып, сот ага каршы кылмыш ишин кыскарткан.