Москва облусунда кулап түшкөн өтмөктөн 51 кыргызстандык жабыркады — төртөө оор абалда

Орусиянын Москва облусундагы «FM LOGISTIC» ишканасында темир өтмөк кулап түшүп, кырсыктан 51 кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Москвадагы кырсыктан жабыркагандардын айрымдарынын абалы оор бойдон калууда

24 жаштагы мекендешибиздин мээсине кан куюлуп кеткен. Домодедово ооруканасынын дарыгерлери ага баш сөөккө треапанация же сөөктү тешип көңдөйүн ачуу операциясын жасашкан. Анын абалы оор бойдон калууда. Экөөсү баш мээсинен жабыркап, бир кыз ич көңдөйүнөн жаракат алып, ага да операция жасалды.

Posted by КТРК on Sunday, September 27, 2020

Окуя 27-сентябрда эртең менен Ступино айылында болгон. Жаракат алган кыргызстандыктардын төртөө оор абалда тез жардам вертолёту менен жакын жердеги ооруканага жеткирилген.

Оор абалда болгондордун биринин — 24 жаштагы кыргызстандык — мээсине кан куюлуп кеткен. Домодедово ооруканасынын дарыгерлери ага баш сөөккө треапанация, башкача айтканда сөөктү тешип көңдөйүн ачуу операциясын жасашкан.

Дагы экөөсү баш мээсинен жабыркап, бир кыз ич көңдөйүнө жаракат алып, ага да операция жасалды. Ошондой эле 30га жакын адам Ступино райондук ооруканасына жеткирилип, көпчүлүгү бейтапканага жаткырылды.

«Бир-эки мүнөттүн ичинде болду бул нерсе. Себеби биз сегиз жарымда сыртка чыгып кетишибиз керек эле. Анан эшикти ачып жатканда...аны баскыч менен ачат, ал бизге берилген эмес. Бригадирге берип койгондо да биз дароо эле чыгып кетмекпиз. Ошол жерге баарыбыз топтолуп калдык. Келип, келип, баягы жер [өтмөк] жыш болуп калып, бир заматта эле түшүп кетти», — деп айтып берген журналисттерге жабыркагандардын бири.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өтмөк белгиленген өлчөмдөн көп киши бир маалда өткөндүктөн кулап түшкөн. Кырсык болгон учурда көпүрөдө 160 адам болгон.

Кыргызстандын элчилиги укук коргоо органдарына кайрылып, кырсыкты тыкыр иликтенүүсүн суранды. Мындан сырткары «FM LOGISTIC» ишканасы жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтүп, медициналык жактан камсыздандырганы даяр экенин билдирген.

Ал эми премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловго кырсыктын кесепетинен жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүүнү жана аларды ооруканаларга жайгаштырууну тапшырды.

«FM LOGISTIC» ишканасында жалпысынан 169 кыргыз мигранты иштеп келет. Алар таңгактоочу катары кызмат көрсөтүп жатышкан. Кырсыктан жабыркагандардын бардыгы кыргыз мигранттары болушкан.