Сасык тумоого каршы 150 миң доза вакцина техникалык талапка туура келбегени аныкталды

Башкы прокурор Курманбек Зулушев 16-ноябрда Антикоррупциялык ишкердик кеңештин жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинде коррупция фактысы боюнча тергөө жүрүп жатканын маалымдады.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылы жеке ишканалардан сасык тумоого каршы 150 миң доза вакцина сатып алган. Бирок Зулушев билдиргендей, препараттар техникалык талаптарга жооп бербейт.

Тема боюнча: COVID-19га каршы чогулган гумжардам кампаларда чаң басып, ооруканаларга берилбей турат

Сатылып алынган вакцинанын жалпы суммасы 135 млн сомду түзгөн. Ошондой эле 145 млн сомго пневмококко каршы 20 миң доза «керексиз» вакцина сатып алынган. Зулушев бул иштерге байланыштуу тергөө уланып жатканын айтты.

2020-жылы пандемиянын учурунда журналисттер Саламаттык сактоо министрлиги дары-дармек жана башка меджабдыктарды кымбат баада сатып алып турганын бир канча жолу айтышкан. Башкы прокуратура өзү да мыйзам бузуу фактыларын аныктаган. Мисалы, Башкы прокуратура 2-февралда Саламаттык сактоо министрлиги бахиланын бир даанасын реалдуу баасы 1,5 сом экенине карабай 150 сомдон сатып алып турганын билдирген.

Башкы прокуратурадан Саламаттык сактоо министрлиги менен Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчилиги жана кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 5,1 млн сом зыян келтирилгенин кошумчалашкан.

Текшерүүнүн материалдары Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жаздык кодексинин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «Пайдасыз экенин билип туруп келишим түзүү» беренелери боюнча катталган.