1,5 сомдук бахила 150 сомдон алынган. Башкы прокуратура мыйзам бузууну аныктады

Башкы прокуратура 2-февралда билдиргендей, башкы көзөмөл органы Саламаттык сактоо министрлигинде текшерүү жүргүзүп, анда жеке коргонуу каражаттарын (СИЗ) сатып алууда министрлик бир катар мыйзам бузууларга жол бергенин аныктады. Ага ылайык, бахиланын бир даанасы 150 сомдон сатылып алынган, бирок анын реалдуу баасы 1,5 сом.

Көзөмөл органы министрликке караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти СИЗ комбинезондорун, медициналык кол каптарды жана бахилаларды кымбат баа боюнча алып келүү үчүн «Ф» ЖЧКсы менен келишим түзүүнү сунуштаганын аныктаган. Ошол эле учурда комиссия арзан баа сунуштаган башка жеткирүүчүлөрдүн коммерциялык сунуштарынан баш тарткан.

«Мындан тышкары, коммерциялык сунуштардын жана келишимдердин шарттарын бузуу менен “Ф” ЖЧКсы техникалык спецификациянын талаптарына ылайык келбеген 101 миң кол кап жеткирип берген.

Ошойдой эле, “Ф” ЖЧКсы келишимде көрсөтүлгөн бир даанасы 1,5 сом турган 150 миң кыска бахилалардын ордуна бир даанасы 150 сом турган узун бахилаларды жеткирип берген», — деп белгилешти Башкы прокуратурадан.

Башкы прокуратурадан Саламаттык сактоо министрлиги менен Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчилиги жана кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 5,1 млн сом зыян келтирилгенин билдиришти.

Текшерүүнүн материалдары Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жаздык кодексинин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «Пайдасыз экенин билип туруп келишим түзүү» беренелери боюнча катталды.

Аткаминерлер жана пандемияга даярдык көрүүдөгү чабалдык үчүн жоопкерчилик

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча маморгандар менен муниципалитеттин ишин текшерген ведомстволор аралык комиссиянын маалыматына ылайык, COVID-19га каршы күрөштүн алкагында 14 кылмыш иши козголголгон.

Бирок чоң кызматтарды ээлеген чиновниктердин эч кимиси ТИЗОго киргизилген жок жана бир дагы адам азырынча соттолгон эмес.

Болгону пандемия башталган убакта COVID-19га каршы күрөшүү Республикалык штабын жетектеген мурдагы премьер Мухаммедкалый Абылгазиев 26-мартка чейин УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген. Бирок ал пандемияга байланышы жок мыйзамсыз баюуга жана коррупцияга айыпталууда

Мындан тышкары, Абылгазиев пандемияга байланышкан «Шалаакылык» жана «Коррупция» беренелери боюнча козголгон кылмыш иштеринин фигуранты экени дагы белгилүү — кылмыш иштери коомчулуктун кайрылууларынан кийин козголгон. Бул иштер боюнча тергөө кандай болуп жатканын Башкы прокуратура айта элек.

Пандемияга даярдык көрүүдө шалаакылык жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча шектелген мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев азыр үй камагына коё берилген.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Чолпонбаевди кызматынан 2020-жылдын 1-апрелинде бошоткон. Ага коронавирустун алдын-алууга тийиштүү денгээлде даярдык көрбөгөндүгү үчүн Коопсуздук кеңештин сунуштамасы негиз болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы башчысы өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын билдирген. Бирок 2020-жылдын февраль айында COVID-19 илдетинин өлкөгө жайылып кетүүсүн болтурбоого керт башым менен жооп берем деп убадалаган болчу. Ага карабай, бир айга жетпеген аралыкта жуктуруунун алгачкы учурлары каттала баштаган.

Андан тышкары, COVID-19 менен күрөшүүчү Республикалык штабдын курамына кирген жана мектептер жабылбайт, азык-түлүк жетишсиздиги орун алат деп дүрбөлөңгө алдырууга негиз жок деп билдирген мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова дагы финполдун сурагына кирип чыккан. Буга чейин Коопсуздук кеңеши Жээнбековго коронавирус менен күрөшүүдөгү чабал иши үчүн Өмүрбекованы Чолпонбаев менен кошо кызматтан алууну сунуштаган. Экс-президент Коопсуздук кеңештин сунуштамасын орундаткан.

2020-жылдын жай айларында Өмүрбекова пандемия учурунда фармкомпаниялардын кызыкчылыктарын сүрөмөлөө ишинин алкагында Кытайдан келген гумжардамды бөлүштүрүү маселеси боюнча дагы суракка чакырылган. Мындан тышкары, Өмүрбекова 26-январда дагы финполго суракка барган. Анда сурак өкмөттүн коронавируска каршы күрөшкө даярдыгы боюнча экени айтылган.

Ошол эле күнү, 26-январда экс-вице-премьер-министр Аида Касымалиева дагы финполго суракка чакырылган. Ал бул кызматка Өмүрбековадан кийин келген. Касымалиева сурактын жүрүшүндө эмне жөнүндө сүйлөшүү болгонун журналисттерге айтып берген эмес, бирок ведомстволор аралык комиссиянын тыянактарына макул эместигин билдирген.

Тема боюнча окуңуз: Өлүм саны азайтылып, даярдык болгон эмес. COVID-19га каршы күрөштү иликтеген комиссиянын бүтүмү