Садыр Жапаров: Жүрөгүмдүн 99 пайызын Баткен ээлеп турат

Президент Садыр Жапаров Баткен облустук медиа-борборуна маек курду.

Маектин жүрүшүндө медиа-борбордун жетекчиси Мамажан Бердишев президентке эмне себептен минкабда Баткендин өкүлдөрү жок деп сурады. Ал парламент депутаттарынын арасында да облустун кулундары жоктугун белгиледи.

Буга Жапаров «баткендик министр» Баткен облусунун гүлдөп-өсүшүнө кепилдик бере албайт, тескерисинче, мындай чиновниктер «жерлерди сатып, аймакты сазга батырып кетишкен» деп жооп берди.

«Баткендиктер, министрибиз жок, депутатыбыз жок деп кейибегиле. Мен силердин министриңермин, мен силердин депутатыңармын жана мен силердин президентиңермин. Жүрөгүмдүн 99 пайызын Баткен ээлеп турат. Кыргызстан Баткенден башталат. Чек араң бекем болбосо, өлкөңдө коопсуздук болбойт. Биринчи кезекте коопсуздук маселесине, андан кийин элдин жашоосуна, анан экономикасына көңүл буруп жатабыз», — деди ал.

Садыр Жапаров жана Мамажан Бердишев. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Чек ара жаңжалы

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасы тактала электиги эң эле актуалдуу көйгөй. Анын жалпы узундугу 970 километрди түзөт.

Чек аранын такталбаган аймактары эки өлкөнүн тургундарынын ортосундагы жер, суу, чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча жаңжалдарга себепчи болуп келет.

2021-жылы апрелдин аягында эки өлкөнүн ортосунда ири куралдуу жаңжал чыккан. Алгач куралды жөнөкөй тургундар, кийин эки өлкөнүн аскерлери колдонууга өткөн.

Эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалдан 36 кыргызстандык каза болуп, 190 адам түрдүү жаракат алган. Окуя болгон аймактан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Тажикстан тарап куралдуу жаңжалдын жүрүшүндө 19 жараны каза таап, 87 киши жарадар болгонун билдирген.

Жаңжал бир канча күнгө созулуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Тараптар ок атууну 1-май күнү кечке маал гана токтотууну макулдашышкан. Ал эми 3-майда Кыргызстан жана Тажикстан кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүүнү аягына чыгарган.

Куралдуу кагылыштан кийин эки өлкөнүн өкмөттөрү Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитация жана демаркациялоо үчүн сүйлөшүүлөрдү баштаган. Өкмөттүк делегация түзүлгөн жана бир катар жогушууларды өткөрүшкөн. Учурда иш уланып жатат.