«Бүтүн Кыргызстандын» талапкери Кыянбек Сатыбалдиев жасалма диплом алууга шектелүүдө

БШКнын 19-ноябрдагы отурумунда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан талапкер Кыянбек Сатыбалдиевдин жогорку билимин тастыктаган диплому жасалма экени белгилүү болду.

Отурумда УКМКнын тергөөчүсү Сатыбалдиевге карата УКМКнын Жалал-Абад облусундагы бөлүмү «Документтерди жасалмалоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаганын билдирди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Тергөөчүнүн маалыматына караганда, Кыянбек Сатыбалдиев Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окуганы тууралуу жасалма документтердин негизинде 2012-жылы Жалал-Абад Экономика жана ишкердик институтунун 4-курсуна тапшырган. Талапкер бир жылдан кийин окуу жайды аяктап, кийинчерээк Кыргыз улуттук университетинен экинчи жогорку билим алган.

«Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректорунун 2000-жылкы буйругунун негизинде берилген академиялык маалымкатта [Сатыбалдиев] окуудан өтпөй калганы, башкача айтканда окуудан чыгарылганы көрсөтүлгөн. Андан тышкары, маалымкатта студент Сатыбалдиевди бир курстан экинчи курска которуу жөнүндөгү буйрук жазылган барак дагы тиркелген. Бул буйрукта талапкердин бир тууган агасы Кыялбектин аты-жөнү көрсөтүлгөнүнө өзгөчө көңүл бурабыз. Окуунун акысы дагы бир тууганынын атынан төлөнгөн. Студенттик журналдарда дагы Кыялбек деген ат бар», — деди УКМКнын тергөөчүсү.

Кыянбек Сатыбалдиев БШКнын 19-ноябрдагы отурумунда. Түз эфирдин скриншоту.

Ал эми отурумда талапкер Сатыбалдиев айыптоолорду четке какты. Анын айтымында, диплому тууралуу иш буга чейин эки жолу каралып, экөөсүндө тең «жасалма эмес» экени аныкталган.

«УКМКнын тергөөчүлөрү баяндаманы туура эмес жасашкан. [...] Бул маселе 2013-жылы мен Жалал-Абад шаарынын мэрлигине талапкерлигимди коюп жатканда да каралып, такталган. 2018-жылы менин атаандаштарым соцтармактарга бул тууралуу маалымат таратышканда, Башкы прокуратурадан келип, кайрадан иликтенген. Анда дагы жасалма эместиги такталган», — деди Сатыбалдиев Башкы прокуратуранын чечимин көрсөтүп.

Ал эми окуу жайга агасы Кыялбектан катталганы тууралуу маалыматты Жалал-абад университететинин окутуучуларынын «техникалык катасы» деп баалап, үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрында сотко арыз менен кайрлганын кошумчалады. Сатыбалдиевдин айтымында, биринчи соттук отурум 18-ноябрда өткөн, бирок окуу жайдын өкүлдөрү келишкен эмес.

«Техникалык катаны университеттин мугалимдери кетирген. Мен аларга оңдоп койбойсуңарбы десем, “Ооба, күнөөбүз бар. Мойнубузга алабыз” дешкен. Катаны кетирген Жалала-Абад университетинин жеткечилиги оңдоп коюшу керек», — деп билдирди Урмамбетов.

Отурумда Боршайком бул маселени тергөө жана соттук териширүү амалдары аяктагандан кийин кароо чечимин кабыл алышты.

Буга чейин, БШКнын 18-ноябрдагы отурумунда «Социал-демократтар» партиясынан талапкер, депутат Рыскелди Момбековдун жогорку билимин тастыктаган биринчи диплому жасалма болуп чыкканы айтылган.

Ал эми 19-ноябрда Боршайком Момбековдун «жасалма диплому» боюнча маселени тергөөнүн жыйынтыгы жана сот өкүмүнөн кийин чечим кабыл алууну чечкен. Ал эми Момбеков талапкер катары шайлоого катышууну уланта берери айтылган.

Тема боюнча дагы окуңуз:

УКМК: Момбековдун биринчи диплому жасалма, экинчиси мыйзамсыз алынган