УКМК: Момбековдун биринчи диплому жасалма, экинчиси мыйзамсыз алынган

Рыскелди Момбеков

БШКнын 18-ноябрдагы отурумунда «Социал-демократтар» партиясынан талапкер, депутат Рыскелди Момбековдун жогорку билимин тастыктаган биринчи диплому жасалма болуп чыкканы айтылды.

УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Жааналиевдин айтымында, биринчи диплому жасалма болгондуктан депутаттын экинчи диплому «мыйзамсыз алынган» деп саналат.

Жааналиев бул боюнча 2020-жылдын 5-мартында «Документтердин жасалмасы» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылагын эске салды. Тергөөнүн жүрүшүнө Бакыт Шаршенбиев аттуу жарандын Башкы прокуратурага берген арызы негиз болгон.

Момбековдун биографиясына ылайык, ал 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Анткен менен окуу жайдан Момбеков аларда билим албаганын, ал эми 2003-жылы №196 каттоо номери менен диплом окууну Бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча аяктаган Михаил Стародубов аттуу бүтүрүүчүгө берилгенин маалымдашкан.

Ал эми 2011-жылы Момбеков ушул диплом менен Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академияга тапшырып, 2014-жылы экинчи жогорку билимге ээ болгон. Атайын кызматтан талапкер диплому жок экинчисин ала алмак эмес дешти.

БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов эмне себептен УКМК бул маалыматтарды Момбеков талапкер катары катталганга чейин бербегенине кызыкты. Бирок Жааналиев бул суроого так жооп бере албай, кийинчерээк бул боюнча жыйынтыктоочу юридикалык баа берилээрин билдирди.

Ал эми отурумга катышкан «Социал-демократтар» партиясынын өкүлү Момбековдун 2003-жылкы диплому жана дипломатиялык паспорту өткөн жылдагы октябрь окуяларында «сейфинен уурдалганын» билдирди. Андан сырткары Момбеков бул боюнча ИИМге арыз менен кайрылганын белгиледи.

Ошондой эле партиянын өкүлү маалыматтарды тактоо үчүн убакыт керектигин белгиледи. Ал эми Боршайком бул маселени кароону кийинки отурумга жылдырууну чечип, «Социал-демократтардан» Момбековдун катышуусун камсыздап берүүнү өтүнүштү.

Рыскелди Момбеков — Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынан депутат. Ал 2011-2012-жылдары өкмөткө караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болгон.

2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Момбеков «Ата Мекен» партиясы менен катышкан.