Ноокат: Жеке ишкерден 200 миң сом опузалаган шектүү кармалды

Ош облусунун Ноокат райондук ички иштер башкармалыгы жеке ишкерден 200 миң сомду опузалоого шектелген кишини кармады. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 39 жаштагы шектүү буга чейин бир нече жолу соттолгон. Ал жабырлануучу «чет өлкөгө ири суммадагы товарларды жөнөткөнүн» билип, аны коркутуу менен акча талап кылган.

Ноокаттын милициясы шектүүнү 18-ноябрда кармады. Кармоо учурунда анын жанынан 22 миң сом табылган.

Күч органдары «Опузалап талап кылуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады. Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Үстүбүздөгү жылдын 8-октябрында УКМК Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда «Малик» каймана аты менен таанымал уюшкан кылымштуу топтун мүчөсүн кармаган. Ал жергиликтүү жеке ишкерди коркутуп, 80 миң сом, алтын буюмдар жана уюлдук телефон талап кылууга шектелип жатат.