«Клооп» парламенттик шайлоого байкоо жүргүзөт. Уюмдарыбыздын бири аккредитациядан өттү

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өтүүчү парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн «Коомар Медиа» коомдук фондун каттады. Мындай чечимди БШК мүчөлөрү 18-ноябрда кабыл алды.

Бул «Клооп» парламенттик шайлоого байкоо жүргүзөт дегенди түшүндүрөт.

Сүрөт: Даниль Усманов / Kloop.kg 

«Коомар Медиа» коомдук фонду — «Клооптун» тутумуна кирген уюмдардын бири.

Бирок «Коомардын» каттоодон өткөнү «Клооп» басылмасынын өзөгүн түзгөн «Клооп Медиа» коомдук фондуна шайлоого байкоо жүргүзүүгө тыюу салган чечим жокко чыкты дегенди билдирбейт.

«Клоопко» парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүүгө тыюу салынганы тууралуу 8-ноябрда, БШКнын төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеевдин колу коюлган каттан улам белгилүү болгон.

Катта Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамга жана шайлоого байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө жобого шилтеме келтирилген.

5-сентябрда кабыл алынган жаңы жободо уставында шайлоого байкоо жүргүзүү тууралуу так жазылган уюмдар гана байкоочу болууга укуктуу экени жазылган. Мындан тышкары, катта «Клооп Медианын» БШКга тапшырган документтеринде каталар бар экени айтылган.

«Клооп Медиа» документтердеги каталарды оңдоду, бирок уюмдун уставы өзгөрүүсүз калды: уюмдун жетекчилиги БШКнын жобосу Конституцияга каршы келет деп эсептейт. Азырынча БШК «Клооп Медиа» коомдук фонду боюнча акыркы чечимди чыгара элек.

БШКнын чечими эмнени түшүндүрөт?

БШКнын «Коомар Медиага» шайлоого байкоо жүргүзүүгө уруксат бергени фонддун байкоочулары мурда пландалгандай эле өлкөнүн бардык жеринде парламенттик шайлоого байкоо жүргүзөт дегенди билдирет.

Биздин байкоочулар эртеден кечке чейин шайлоо участкасында болуп, комиссия мүчөлөрү бюллетендерди кантип санап, протоколдорду кандай түзүп жатканын көзөмөлдөй алышат.

Сүрөт: Даниль Усманов / Kloop.kg 

2020-жылдын күз айларынан тарта «Клооп» төрт шайлоого жана эки референдумга байкоо жүргүздү. Апрелдеги шаардык кеңештин шайлоосунда биздин байкоочулар 800дөн ашык бузууну аныктап, юристтер шайлоо коммисияларына 192 арыз берген.

Жалпысынан, «Клооптун» апрелдеги байкоо кампаниясы өлкөдөгү эң ири болгон, мисалы, Кыргызстан боюнча «Клооптун» атынан шайлоого 3 миң киши байкоо жүргүзгөн.

Апрель айында БШКга келип түшкөн даттануулардын үчтөн бирин «Клооп» берген. Анда Боршайком 500дөн ашык арызды каттаган — ошондой эле коомдук уюмдардан, саясий партиялардан, депутаттыкка талапкерлерден жана жарандардан келип түшкөн.

Апрелдеги шайлоодон кийин «Клооптун» дата-бөлүмү жергиликтүү кеңештерде жана Конституцияны өзгөртүү боюнча өткөн референдумдагы бардык участоктордо болгон бузууларга анализ жүргүзүп, бир катар материалдардын сериясын жарыялашкан.

Тема боюнча окуңуз: «Клооп» шайлоо жөнүндөгү маалыматтарды кантип талдады

Мисалы, журналисттер БШК үгүт учурундагы мыйзам бузууларга көп учурда тандалма мамиле кыларын аныкташкан — айрым майда бузууларга чара көрүп, олуттуу мыйзам бузууларды көз жаздымда калтырат.

Мындан сырткары, «Клооптун» дата-бөлүмү, кээ бир участкалык коммисиялар шайлоо аяктагандан кийин протоколдорду кайрадан жазып чыкканын аныкташкан.