Нариман Түлеевдин байлыгы. Temirov LIVE видео жарыялады

Мамлекет кечээ жакында Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев менен анын жакындарына конфискацияланган мүлктөрүнүн айрымдарын кайтарып берди. Иликтөөчү-журналист Актилек Капаров мурдагы калаа башчынын мал-мүлкүн изилдеп чыкты — соода борборлору, кеңселер жана массмаркеттер тууралуу видео Temirov LIVE YouTube-каналына жарыяланды.

Видео: Temirov LIVE

Ири бизнес

Капаровдун айтымында, Түлеев «Кыргыз темир жолунун» директору жана Бишкектин мэри болуп турганда анын үй-бүлөсү бир катар компанияларга ээ болгон.

«2005-жылы Түлеев «Кыргыз темир жолу» ишканасынын башчысы болуп дайындалган. Дал ошол жылдан тартып анын жашоосундагы кескин бурулуштар башталган. «Кактус Медиа» басылмасынын маалыматына караганда, Түлеевдердин бери дегенде 15 менчик компаниясы бар. Алардын бешөө Нариман Түлеев «Кыргыз темир жолдун» башкы директору болуп турганда катталган. Муну Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматтар дагы тастыктайт», — деп айтып берди Капаров.

Ал компанияларды санап өткөн: Ташболот холдинг ЖЧКсы, Rahat Palace, Snake күзөт агенттиги, Sun May жана Terranova.

Капаров 2006-жылы экс-мэрдин атасы Ташболот Түлеев учурда «Караван» соода борбору жайгашкан жердин ээси болгонун аныктаган.

Учурда «Весна» соода борбору жана Sapat имараты жайгашкан жер тилкелери мурда мэрияга тиешелүү болгон. Бирок 2008-2009 жылдары, Түлеев мэр болуп турганда бул участоктор Түлеевдин үй-бүлөлүк компаниясы «Ташболот холдингдин» карамагына өткөн.

Ошол эле жылы Түлеевдин үй-бүлөсү Бишкектин борборундагы ГУМ соода борборуна ээлик кылып калган. Ал эми «Ала-Арча» мамрезиденциясына жакын жердеги Бишкектин элиталык району деп саналган аймакта чиновниктин уулунун особнягы болгон.

2016-жылы соттун чечими менен «Караван», «Весна», Sapat имараты жана уулунун особнягы мамлекеттин балансына өткөн. 2013-жылы сот борбор калаага Кытайдан автобустарды жана кар тазалоочу техника сатып алууда мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтиргени үчүн Тулеевди 11 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону өкүм кылган.

Мүлктү кайра Түлеевге кайтаруу

2021-жылы сентябрдын аягында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Караван» соода борборунун бир бөлүгү Бишкектин экс-мэрине кайтарылып берилгенин билдирген. Түлеев сотто райондук соттун чечимин жокко чыгарткан. Мамлекеттик мүлктү башкаруунун фондунун маалыматына караганда, Түлеев ошол кезде муктаждарга берүү убадаланган 11 батирди мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөргөн.

«Ал эми кадастрда “Караван” имараты 27-сентябрда толугу менен “Ташболот холдинг” компаниясына өткөнү айтылат. Ошол эле күнү Түлеевдин компаниясы Sapat имаратына кайрадан ээлик кылган. Бирок алар бир-эки күн эле ээлик кылган. Октябрдын башында мамлекет имаратты кайрадан алып койгон», — деп түшүндүрдү журналист.

Мындан сырткары, Капаровдун айтымында, октябрдын башында мамлекеттик резиденциянын жанындагы особняк дагы Түлеевдердин үй-бүлөсүнө кайтарылган.

Журналист алар ачык маалыматтар аркылуу мурда конфискацияланган үч батир дагы октябрь айында мамлекеттен экс-мэрдин үй-бүлө мүчөлөрүнө өткөрүлгөнүн аныкташканын кошумчалады.

«Камчыбек Ташиев жана президент Садыр Жапаров бийликке келгенине бир жыл толгондо конфискацияланган объектилер Нариман Түлеевдин үй-бүлөсүнө кайтарылып берилди», — деп жыйынтыктады Актилек Капаров.

Дагы окуңуз:

Түлеевдин камакка алынган батирлерин сатып жиберген мэриянын экс-кызматкери 16 жылга кесилди

УКМК Түлеевдин иши боюнча Жогорку соттун чечимин сынга алды