УКМК Түлеевдин иши боюнча Жогорку соттун чечимин сынга алды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку соттун Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевге карата чыгарган чечимин сынга алды. Чечимге ылайык, бардык айыптөө өкүмдөрү жокко чыгарылып, кылмыш иши Бишкек шаарынын Ленин райсотуна кайра кароого жөнөтүлгөн.

«УКМК сот органдарынын Нариман Түлеев Бишкектин мэри болуп тургандагы коорупциялык иши боюнча кабыл алган бүдөмүк чечимине коомчулуктун көңүлүн буруу зарыл деп эсептейт. УКМК мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирилген категориядагы кылмыш иштерине байланыштуу жазаны жокко чыгарууга мүмкүн эмес принциби сакталышы керек деп эсептейт», — билдирген комитеттин басма сөз кызматы.

УКМКнын маалыматына караганда, сот инстанциялары 2012-жылдан 2016-жылга чейин Түлеевге карата автобустарды жана таштанды чыгаруучу автотехника сатып алуудагы коррупция иши боюнча айыптоо өкүмүн чыгарган. Ошол эле учурда Түлеев 1,6 млн доллар өлчөмүндө мамлекетке келтирген чыгымдын ордун толтурган. Ушул себептен УКМК мындан ары дагы ушул багытта иштөөнү пландап жатат.

Түлеевдин иши

Нариман Түлеев 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болгон. Мэр болуп турганда Ататүрк паркынан 21 жер тилкесин жеке жактарга таркатып берген. Түлеев турак үй менен бизнес-борборду куруу божомолдонгон 600 чарчы метрлик аянты бар бир жер тилкесин өзүнүн атасына бөлүп берген.

2012-жылы Түлеев Кытайдан борбор калаа үчүн кар тазалоочу жана жүргүнчү ташыган автобустарды сатып алууда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген деп коррупция боюнча айыпталган.

Тергөөнүн версиясы боюнча Түлеев мамлекетке 33 млн сом өлчөмүндө зыян келтирген. 2013-жылы Ленин райондук соту экс-мэрди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан.

Бирок Түлеев 2016-жылы мунапыс аркылуу эркиндикке чыккан. Ошону менен катар, келтирген чыгымдары үчүн мамлекеттин казынасына 60 млн сом айып төккөн.

Түлеевге жана анын бир туугандарына таандык болгон Караван соода борборун, «Сапатком» бизнес-борборун жана кымбат баалуу унааларды конфискациялаган.

2020-жылдын 20-октябрында парламенттик шайлоодон улам жаралган саясий кризистен кийин Түлеев борбор калаанын биринчи вице-мэри болуп дайындалган.

Бирок бул дайындоого шаар тургундары нааразы болуп, калаа башчылыгына «аркасы таза, жаңы адамдар келиши керек» деген талабын айткан. Эки күн өткөндөн кийин, 22-октябрда Түлеев биринчи вице-мэр кызматынан кеткен.

2021-жылдын 9-февралында Жогорку сот ага карата буга чейинки инстанциянын өкүмүн жокко чыгарып, иштин материалдарын Ленин райондук сотуна кайрадан кароого жөнөткөн.