Жайыл районунудагы жол кырсыгынан бир киши каза болуп, үч адам жабыркады

Чүй облусунун Жайыл районундагы Бишкек — Ош унаа жолунун 187-чакырымында «Лексус RX 350» менен «Мерседес-Бенц Гигант» жүк ташуучу унаалары кагышып, бир киши каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, каза болгон киши жеңил унаанын айдоочусу болгон. Ал эми авариянын кесепетинен дагы үч адам жабыркап, райондук ооруканага жеткирилди.

Кырсык болгон жерге ӨКМнин 154-чакырымдагы нөөмөт бөлүмүндө турган куткаруучулары тартылган.

Буга чейин 16-ноябрда Кырсык Бишкек — Ош унаа жолунун 661-чакырымында «Мерседес-Бенц Спринтер», «Дэу Нексия» жана оор жүк ташуучу «КамАЗ» үлгүсүндөгү үч унаалар кагышып, тогуз киши каза болгон.

ӨКМнин маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен Ош облустук ооруканага жалпы 15 адам түшкөн. Алардын жетөө жеринде набыт болгон.