Бишкек — Ош унаа жолунунда үч унаа кагышып 7 киши каза болду

Ош облусунун Кара-Суу районунда «Мерседес-Бенц Спринтер», «Дэу Нексия» жана оор жүк ташуучу «КамАЗ» үлгүсүндөгү үч унаа кагышып, жети киши каза болду. Аварияда каза болгондордун үчөө аял, төртөө эркек киши.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кырсык Бишкек — Ош унаа жолунун 661-чакырымында катталганын кабарлады. Кырсык болгон жерге Кара-Суу райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн үч куткаруучу тартылды.

Ар кандай жаракат алган алты адам Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Мындан сырткары үч жаш бала балдар ооруканасына түштү.

Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрда Талас облусундагы Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун 61-чакырымында «Хонда-Степвагон» менен «ДАФ» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кагышып, сегиз киши каза болгон.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын тогуз айында 5 437 жол кырсыгы катталып, анда 587 киши каза тапкан. Былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандардын саны 15,3%га көбөйгөн.