Президенттин басма сөз кызматы 24-ноябрда Париж шаарында өткөн ЮНЕСКОнун башкы конференциясында уюмга мүчө мамлекеттер «Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө иштерин кеңейтүү» аталышында резолюцияны колдоп бергенин кабарлады.
ЮНЕСКО кабыл алган резолюцияны президент Садыр Жапаров сентябрь айында Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун башкы ассамблеясынын жыйынында демилгелеген.
Документтин максаты — «тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдөө». Мамлекеттердин биргелешкен аракеттери аркылуу келечек муунга коопсуз жана туруктуу айлана-чөйрөнү камсыздоо болжонууда.
«Кыргызстандын көп кылымдык мөңгүлөрү, дарыялары жана тоолуу экосистемасынын биотүрдүүлүгү жок болуу коркунучунда турат. Мөңгүлөрдүн ээриши приоритеттүү тоо жана өрөөндөр системасына узака созулган таасир этип, ал биотүрдүүлүк жана экосистемалык кызматтар үчүн глобалдык мааниге ээ», — деп белгилейт администрация.
Басма сөз кызматтан ЮНЕСКО «мөңгүлөргө мониторинг жасоо жана изилдөө иштери боюнча маселелерди чечүү үчүн» эл аралык коомчулукту мобилизациялай алат деп белгилешти.
Эмне үчүн мөңгүлөрдүн эригени — жаман?
Саясий илимдеринин доктору Азамат Темиркулов жана эколог Эмил Шүкүров 2017-жылдагы макаласында Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянтынын азайышы аймактагы кургакчылыкка жана чыр-чатакка алып келет деп белгилешкен.
«Суу ресурстарынын мындан аркы тартыш болушу, айрыкча дарыянын этегинде жайгашкан өлкөлөрдө жашаган элдин суунун башында жайгашкан өлкөлөргө көчүп баруу тобокелдигине себеп болушу мүмкүн, айрыкча бул Фергана чөлкөмүндө болушу мүмкүн. Ошондой эле, жашоо үчүн маанилүү ресурс үчүн мамлекеттер аралык жана жер-жерлерде чыр-чатактардын чыгышына алып келиши мүмкүн», — деп белгилешкен алар.
Алар Кыргызстандын өкмөтүнө, жергиликтүү жамаатарга жана бизнеске «Кыргызстандын экологиялык системасын калыбына келтирүүнүн базасында өнүгүүнүн “жашыл” моделин ишке ашырып, ага өзгөчө көңүл бурууну» дагы сунушташкан.