Парламенттин кезексиз жыйыны: Жээнбеков менен Зулпукаров кылмыш жообуна тартылышы мүмкүн

Депутаттар Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров

Жогорку Кеңештин депутаттары 26-ноябрда кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Күн тартибинде депутаттар эки маселени карашат. Эки маселе тең депутат Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча атайын комиссия түзүүгө тиешелүү.

Атайын коммисия түзүүнү башкы прокурор Курманкул Зулушев демилгеледи. Коммисия түзүү зарыл, анткени Конституцияга ылайык, депутатты сот жообуна тартуу үчүн депутаттардын көпчүлүгүнүн басымдуу бөлүгү макулдук бериши керек.

Чуулгандуу «Кумтөр» иши боюнча коррупцияга шектелген Жээнбеков менен Зулпукаров 2021-жылдын июнь айынан бери УКМКнын убактылуу тергөө абагында отурушат. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен алар 2022-жылдын 30-январына чейин камакта болушат.

Күмтөр кениндеги коррупция боюнча бир катар жогорку кызматтагы чиновниктер кармалган. Ошол эле мезгилде, тергөө учурундаэкс-депутаттар Талант Узакбаев жана Исхак Пирматов гана коррупцияга күнөөлү деп табылган. Экөө тең 300 миң сом айыпка жыгылган.