«Кумтөр иши»: Исхак Пирматов күнөөлүү деп табылып, 300 миң сом айыпка жыгылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-сентябрда экс-депутат Исхак Пирматовду Кумтөрдөгү «Коррупция» боюнча күнөөлүү деп таап, ага 300 миң сом айып салынды. Пирматов күнөөнү мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга макул болгон.

Пирматов үстүбүздөгү жылдын 31-майында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген. Ал кармалгандан үч күн мурун депутаттык мандатын тапшырган болчу.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2012-жылы ошол кездеги парламенттин депутаттары Исхак Пирматов, Таланбек Узакбаев, Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана премьер-министр Өмүрбек Бабанов алдын ала сүйлөшүп алып, Кумтөр кенин улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорунун өтүшүнө жол бербей койгон. Аталган мыйзам долбоору ошол кезде депутат болуп турган, учурдагы өлкө башчысы Садыр Жапаровго таандык болгон.

Экс-депутат тергөө менен кызматташууга макул болуп, 15-июлда эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган. Ал эми буга чейин экс-депутат Узакбаев да күнөөнү мойнуна алып, 300 миң сомдук айыпка жыгылган.

«Кумтөр иши»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 17-майда Кумтөр кенине байланыштуу төрт сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын кабарлаган.

Жогоруда аталгандардан сырткары атайын кызмат «Кумтөр иши» боюнча экс-премьер-министрлер Мухаммедкалый Абылгазиев жана Темир Сариев, экс-вице-премьерлер Тайырбек Сарпашев, Алмазбек Баатырбеков, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана «Кыргызпатенттин» мурдагы башчысы Динара Молдошеваны кармаган.

Кармалгандардын ичинен Сарпашев, Молдошева жана Абылгазиев тергөө абагынан чыгарылышкан. Ал эми Бабановго Москва шаарында жүрөгүнө операция жасалып, ал 5-сентябрда Кыргызстанга кайтып келген — учурда экс-премьер үйүндө дарыланып жатат.

Мындан тышкары, УКМК Кыргызстандын бозгун президенттери Курманбек Бакиев менен Аскар Акаевге издөө жарыялаган. Ошондой эле издөө Бакиевдин уулу Максимге жана кенди иштетүү келишимдерине байланышы бар бир катар мурдагы аткаминерлерге жарыяланган.

Ал эми 2-августта Аскар Акаев Кыргызстанга келип, УКМКга сурак берип чыккан. Мурдагы президент сурактан чыккандан кийин «Кумтөр» маселеси боюнча көрсөтмө берүү үчүн бир жумага келгенин, иш менен жаңыдан гана таанышып жатканын айткан.

Кийинчерээк Акаев Кумтөрдөгү алтынды өндүргөн канадалык Centerra Gold Inc. менен келишим түзүлүп жатканда ал өкмөттүн аракеттерине көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн кечирим сураган. Ал эми депутат Дастан Бекешев мурдагы президенттин билдирүүсүнө комментарий берип, Кумтөр боюнча жоопкерчиликти «маркумга жүктөө оңой» деп айткан.