УКМК: Бийликти күч менен басып алууну каалаган топтун 15тен ашык мүчөсү кармалды

УКМК менен ИИМдин кызматкерлери 26-ноябрда бийликти күч менен басып алууну каалаган топтун 15тен ашык мүчөсүн кармады. Аларды «депутаттар жана мурдагы жогорку кызматтагы адамдар жетектеген». Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр парламенттик шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, бийликти күч менен басып алуу максатында чагымчылдык уюштурууну пландашкан.

«Кылмыштуу топ, бийликти күч менен басып алуу, массалык нааразычылык акциясын уюштуруу үчүн 1000ге жакын агрессивдүү жаштарды топтоп, системалуу жолугушуу өткөрүп, массалык башаламандык уюштурууну талкуулашкан», — деп жазылат билдирүүдө.

Атайын кызмат шектүүлөрдүн жашаган жерин жана ижарага алган имаратын тинтүү учурунда «кылмышка даярдык жүргөнүнө далил болуучу» документтер, ок-дары, курал-жарак жана баңгизат табылганын белгиледи.

УКМКнын басма сөз кызматы айрым деструктивдүү саясий күчтөр, депутаттар жана экс-чиновниктер жетектеген топтун кылмыштуу иш-аракеттери тууралуу төгүндөлгүс далилдер алынганын кошумчалады.

Атайын кызмат бийликти күч менен басып алууну каалаган топтун мүчөлөрү жана жетекчилери ким экенин ачык айткан жок.

УКМК шектүүлөрдүн үстүнөн «Бийликти күч менен басып алууга даярдануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады. Ал эми Башкы прокуратура ведомстволор аралык тергөө тобун түздү. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Садыр Жапаровдун эскертүүсү

Садыр Жапаров. Президенттик администрациянын басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров 25-ноябрда айрым саясатчылар куралдуу төңкөрүш пландап жатканын билдирген. Жапаров бийлик аларды билерин жана шайлоодон кийин кармала турганын эскерткен.

«Куралдуу төңкөрүш кылабыз деп сүйлөшүп жаткан анча-мынча саясатчылар бар. Алардын ар бирин билебиз. Далилдер топтолду. Шайлоодон кийин аларга катуу чара көрөбүз. Азыр чара көрө баштасаң “шайлоого карата болуп жатат” деп тарапташтары кыйкырып чыгат», — деген ал.

Жапаровдун айтымында, бул «акыркы шайлоо» жана мындан ары беш жыл бою баары «саясатты унутуп», өлкө экономикасын көтөрүү менен алек болот.

«“Повод” жок эле митингге чыга бергендер катуу жазасын алат. Биз өзүбүз дагы “повод” бербейбиз. Таза, адилеттүү иштейбиз. Тарыхтын ак барактарында калышыбыз керек. Максат ошол», — деп белгилеген ал.

Январдагы президенттик шайлоонун алдында Жапаровдун жакын досу, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев дагы ушундай эле сөздөрдү айткан эле.

Өткөн жылдын декабрында Ташиев президенттикке аттанган айрым талапкерлер шайлоодон кийин кырдаалды курчутууга камынып жатканын билдирген.

«Шайлоодон кийин абалды кандайдыр бир туруксуздаштыруу аракеттер болушу мүмкүнбү? Мүмкүн. Бирок анын баарына жол бербейбиз. Бизде бардык маалыматтар бар, ким эмне кылып жатат, кайсы кандидат ага даярданып жатат, жада калса документтештирип жатабыз. Шайлоодон кийин ошол талапкерлерге карата чара көрөбүз», — деген ал 2020-жылдын 24-декабрында.

Шайлоо-2021

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. Депутаттар 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш шайлоо системасы аркылуу өтөт. 54 депутат бирдиктүү шайлоо округунан, пропорционалдуу шайлоо системасы аркылуу шайланышса, ал эми 36 элдик депутат мажоритардык система аркылуу бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат.

Өлкө боюнча партиялардын жана бир мандаттуу округдардан жалпы — 1300дөн ашык талапкер ат салышууда. Шайлоого 21 саясий партия катышып жатат.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Жапаров: Анча-мынча саясатчы куралдуу төңкөрүш пландап жатат, аларга катуу чара көрүлөт