Жапаров: Анча-мынча саясатчы куралдуу төңкөрүш пландап жатат, аларга катуу чара көрүлөт

Президент Садыр Жапаров aryba.kg cайтына маек куруп, айрым саясатчылар куралдуу төңкөрүш пландап жатканын билдирди. Анын айтымында, бийлик аларды билет жана алар шайлоодон кийин кармалат.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Клоопко» өлкө башчысы чындап эле аталган басылмага маек курганын тастыктады.

Алардын ар бирин билебиз

Президент шайлоо тынч өтөрүнө 99% кепилдик берерин баса белгиледи. Жапаровдун айтымында, 100% деп Кудай гана убада бере алат.Президент бул шайлоодо админресурс колдонулбаганын дагы бир ирет кайталап, добуштарды сатып алуу жана сатууларды «колдон келишинче тыйып жатышканын» билдирди.

«Куралдуу төңкөрүш кылабыз деп сүйлөшүп жаткан анча-мынча саясатчылар бар. Алардын ар бирин билебиз. Далилдер топтолду. Шайлоодон кийин аларга катуу чара көрөбүз. Азыр чара көрө баштасаң “шайлоого карата болуп жатат” деп тарапташтары кыйкырып чыгат», — деди ал.

Садыр Жапаров. Сүрөт: президенттик администрациянын басма сөз кызматы

Жапаровдун айтымында, бул «акыркы шайлоо» жана мындан ары беш жыл бою баары «саясатты унутуп», өлкө экономикасын көтөрүү менен алек болот.

«“Повод” жок эле митингге чыга бергендер катуу жазасын алат. Биз өзүбүз дагы “повод” бербейбиз. Таза, адилеттүү иштейбиз. Тарыхтын ак барактарында калышыбыз керек. Максат ошол», — деди ал.

Январдагы президенттик шайлоонун алдында Жапаровдун жакын досу, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев дагы ушундай эле сөздөрдү айткан эле.

Өткөн жылдын декабрында Ташиев президенттикке аттанган айрым талапкерлер шайлоодон кийин кырдаалды курчутууга камынып жатканын билдирген.

«Шайлоодон кийин абалды кандайдыр бир туруксуздаштыруу аракеттер болушу мүмкүнбү? Мүмкүн. Бирок анын баарына жол бербейбиз. Бизде бардык маалыматтар бар, ким эмне кылып жатат, кайсы кандидат ага даярданып жатат, жада калса документтештирип жатабыз. Шайлоодон кийин ошол талапкерлерге карата чара көрөбүз.

Бизде айрым талапкерлер шайлоо кампаниясын жүргүзбөй эле шайлоодон кийин абалды курчутууга даярданып жатканы тууралуу конкреттүү маалыматтар бар. Мен ага жол бербейбиз деп ишенем, айрыкча, элибиз ага жол бербейт», — деген ал 2020-жылдын 24-декабрында.

Камчыбек Ташиев. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Парламенттик шайлоо 2021

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. Депутаттар 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш шайлоо системасы аркылуу өтөт. 54 депутат бирдиктүү шайлоо округунан, пропорционалдуу шайлоо системасы аркылуу шайланышса, ал эми 36 элдик депутат мажоритардык система аркылуу бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат.

Өлкө боюнча партиялардын жана бир мандаттуу округдардан жалпы — 1300дөн ашык талапкер ат салышууда. Шайлоого 21 саясий партия катышып жатат.