Бийликти күч менен басып алуу. БШК үч талапкерди кылмыш жообуна тартууга макулдук берди

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Кыргызстан Жашылдар партиясынын» үч талапкерин кылмыш жообуна тартууга макулдук берди. Алар парламенттик шайлоодон кийин бийликти басып алууну пландаган деп шектелип жатышат.

БШКнын отурумунда УКМК өкүлү «жашылдар» партиясынын талапкерлери Нурис Сүйөркулов, Руслан Акматбеков жана Бекназар Купешов «Бийликти күч менен басып алууга даядык көрүү» беренеси боюнча шектелип жатканын билдирди.

«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, бул адамдар [3 талапкер] алдын ала кылмыштуу келишимге барып, айрым саясий күчтөрдүн колдоосу менен шайлоодон кийин Бишкекте башаламандык уюштурууну көздөшкөн. Андан соң тартип сактоо кызматкерлери менен кагылышуудан кийин бийликти күч менен басып алууну пландашкан», — деди ал.

УКМК өкүлү аты аталган адамдар бийликти күч менен басып алууну пландаганы тууралуу «жетиштүү далилдер чогулганын» бир нече жолу кайталады. Буга карабай алар учурда кармала элек экенин билдирди. Бирок буга чейин Купешевдин бир тууганы анын кармалганын айткан.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кылмыш жоопкерчилине тартууга макулдук берүү талапкердин каттоосун жокко чыгаруу дегенди билдирбей турганын баса белгиледи.

Буга чейин УКМКнын басма сөз кызматы атайын кызмат парламенттик шайлоодон кийин бийликти басып алууга камынып жаткан топтун 15 мүчөсүн кармаганын билдирген. Буга карабай кармалгандардын кимдер экени ачыкталбай жатат.

УКМКнын маалыматы боюнча, бул адамдардын тобу парламент депутаттарынын жана экс-чиновниктердин жетекчилиги алдында иштеген.

Атайын кызмат кармалгандар массалык башаламандык уюштуруу үчүн миңге жакын киши чогултканын, шектүүлөрдү тинтүү учурунда «кылмышка даярыкты тастыктаган» курал-жарактар, баңгизаттар жана документтер табылганын бир нече жолу кайталады.