«Легалайз» партиясынын лидери Эльдар Мадылбеков КТРКда 26-ноябрда өтүп жаткан дебатта алар техникалык кара куурайды айдоону жандандырып, аны кайра иштетүү менен бюджетти толтурууну көздөп жатышканын билдирди.
Ал эми дебаттын жүрүшүндө «Социал-демократтар» партиясынан Айчүрөк Камаева Мадылбековго «Наркотикалык затты мыйзамдаштырабыз деп айтып кеттиңиздер. Максатыңыздар эмне?» деп суроо узатты.
«Легалайздын» башчысы оппонентин кара куурайды «наркотикалык зат» деп айтуудан алыс болууга чакырды. Ошондой эле наркотиктердин көп түрү бар экенин белгилеп, кара куурайды кайра иштетүүдөн эмнелерди алса болоорун түшүндүрүп берди.
«Спирт ичимдиктеринен баштап чылым, шекер, туз, кофе. Биринчиден кара куурай айдоочулукту жандандыруу. Бул өндүрүш кендери. Мында баңгизат жок. Мыйзам чыгарсак эле болду. Мурда 140 гектар жер айдалчу. Кыргызстан союз боюнча биринчи орунда болчу. Экологияны сактап калыш үчүн ошол чөптөн кагаз, кездеме, биопластик чыгарабыз. Азыр 350 миң тикмечи жумушсуз отурат», — деди ал.
Ошондой эле Мадалбеков кара куурайдан онкологиялык оорулууларга жардам бере ала турган майларды өндүрсө болоорун белгилеп, муну ишке ашыруу үчүн Канадага барып үйрөнүп келсе болот дейт.
«Онкологиялык оорулуулар толтура. Гемодиализ алгандар канча. Ошолорго мунун майлары, тундурмалары жардам берет экен. Муну чеккенге эмес. Керек болсо Канадага адистерди жиберип, май алганды үйрөнүп келебиз. Булар лабораториялык шартта жасалат. Бул дүйнөлүк тренд. Биз кылбасак Өзбекстан менен Тажикстан ишке ашырышы мүмкүн. Беш-алты жылдан кийин буга тамеки же арака карагандай эле карап калышат да», — деди талапкер.
«Социал-демократтар» партиясынын талапкеринин ою боюнча «Легалайздын» бул жааттагы саясаты туура эмес.
«Өзүңүз тамекиге, аракка карагандай карап калышат деп айттыңыз. Бүгүнкү күндө тамеки, арактын айынан көптөгөн оорулар пайда болот. Арактын кесепетинен зордук-зомбулук күчөп атат», — деп түшүндүрдү ал.
Кара куурайды мыйзамдаштыруу сунушу
Кыргызстанда кара куурайды мыйзамдаштыруу керектигин Медицина илимдеринин доктору, профессор, нарколог Жеңишбек Назаралиев 2014-жылдан бери көтөрүп келет.
Назаралиев Кыргызстанда кара куурайдын даамын ар бир жетинчи бала татып көргөнү маалым деп, мамлекеттин көз жаздымында жүрүп жаткан мыйзамды көлөкөдөн чыгаруу керек деген.
«Биринчиден, кара куурайды легалдаштырууну бир эле Ысык-Көл облусунда ишке ашырууну айткам. Мен бул демилгени, кара куурайды легалдаштыруу эмес, маңзаттын адамдарга терс таасирин азайтуу аракети деп айтаар элем […] Албетте, адегенде демилге чыгат. Андан ары иликтенет, эсептелинет, кийин бул боюнча мыйзам даярдалат, каралат. Ошондо кара куурайды айдоого кимдерге уруксат берилет, көлөмү канча болушу керек, бир адам канча түп өстүрөт? Мунун баары эске алынышы керек», — деген ал.
Ал эми 2020-жылы аталган сунушту депутат Асылбек Жээнбеков да сунуштаган. Анын пикиринде кара куурайдын атайын сортун өстүрүү менен айлана-чөйрөнү сактап калса болот.
«Бизде кара куурай өсөт, [аны] жылда жок кылып атабыз, жок кыла албай жатабыз десек да болот. Бүгүнкү күндө башка сорттогу кара куурай сунуш кылынып атат, арзан баштык жана идиштерди өндүрүү үчүн», — деп түшүндүргөн Жээнбеков.
Кара куурай деген ат менен таанылган марихуана Кыргызстанда баңги заттардын курамына кирет. Баңгизаттарды жайылтуу жана сактоо, анын ичинде баңгизат өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн мыйзамда жаза каралган.
Жоруктар жөнүндө кодекске ылайык, бул үчүн 6 айга эркинен ажыратуу менен кошо 13 миң сом штраф каралган.