Өлкөдө 26 181 адам участкадан тышкары добуш берип жатат

Бүгүн, 27-ноябрда парламенттик шайлоого карата участкадан тышкары добуш берүү өтүп жатат. Айрым аймактарда Жергиликтүү кеңештерди шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча жымжырттык күнү көчмө добуш берүүгө 26 181 адам катышып жатат.

БШКнын маалыматына ылайык, бирдиктүү шайлоо округу боюнча көчмө добуш берүүгө 13 396 арыз келип түшкөн.

  • Ош облусунда – 4 114;
  • Жалал-Абад облусунда – 2 700;
  • Бишкек шаарында – 1 963;
  • Чүй облусунда – 1 550;
  • Нарын облусунда – 1 076;
  • Баткен облусунда – 856;
  • Ысык-Көл облусунда – 657;
  • Талас облусунда – 480.

Ал эми бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 12 785 адам көчмө добуш берүүгө катышууда.

  • Ош облусунда — 4 034;
  • Жалал-Абад облусунда — 2 571;
  • Бишкек шаарында — 1 784;
  • Чүй облусунда — 1 550;
  • Нарын облусунда — 1 024;
  • Баткен облусунда — 836;
  • Ысык-Көл облусунда — 657;
  • Талас облусунда — 329.

Аймактык шайлоо комиссияларынын маалыматына ылайык, жергиликтүү кеӊештин депутаттарын шайлоого карата көчмө добуш берүүгө 196 шайлоочудан арыз келип түшкөн.

  • Токтогул АШКсында — 53;
  • Кара-Суу АШКсында — 81;
  • Аксы АШКсында — 58;
  • Тогуз-Торо АШКсында — 4;
  • Чаткал АШКсында — жок.

Көчмө добуш берүү деген эмне?

Көчмө добуш берүү шайлоочулардын тизмесине кирген, бирок добуш берүү үчүн ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу участкага келе албаган шайлоочулар үчүн уюштулат. Ошондой эле, төмөнкү адамдар көчмө добуш берүүгө арыз бере алат:

  • добуш берүү күнү ооруканада жаткан адамдар, камактагылар;
  • алыскы жана жетүүгө кыйын болгон аймакта, алыскы жайыттарда убактылуу жашаган адамдар;
  • добуш берүү күнү обочолонгон, калктуу конуштардан алыс жерде кызмат өтөгөн аскер кызматкерлери;
  • добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери,
  • жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда иштегендер;
  • вахта ыкмасында иштеген жумушчулар.

Шайлоо-2021

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. Депутаттар 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш шайлоо системасы аркылуу өтөт. 54 депутат бирдиктүү шайлоо округунан, пропорционалдуу шайлоо системасы аркылуу шайланышса, ал эми 36 элдик депутат мажоритардык система аркылуу бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат.

Өлкө боюнча партиялардын жана бир мандаттуу округдардан жалпы — 1300дөн ашык талапкер ат салышууда. Шайлоого 21 саясий партия катышып жатат.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Шайлоо 2021. Бюллетендер кандай болот жана кантип добуш берүү керек?