Шайлоо 2021. Бюллетендер кандай болот жана кантип добуш берүү керек?

Материал бюллетендеги белги коюулар боюнча түзөтүүлөргө байланыштуу маалыматтарды кошумчалоо менен жаңыртылды.

Бул жылы парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Ал аралаш система менен өтөт. 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдардан өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер катары шайланат.

Өлкө боюнча партиялардан жана бир мандаттуу округдардан 1000ден ашык талапкер ат салышууда. Шайлоого 21 саясий партия катышат.

БШК билдиргендей, шайлоочуларга эки бюллетень берилет — бирөөндө партияга жана анын талапкерине, экинчисинде — сиз жашаган аймактагы бир мандаттуу округдан ат салышып жаткан талапкерге добуш берүү керек.

Бюллетендер кандай болорун жана кантип кантип добуш берүү керектигин айтып беребиз.

Партиялар көрсөтүлгөн бюллетень

Партияга добуш берүү үчүн бюлеттень эки бөлүктөн турат. Бюллетендин биринчи бөлүгүндө чучукулактын негизинде аныкталган партиялардын аталышы көрсөтүлгөн.

Партиялардын чучукулагынын жыйынтыгын бул жерден көрсө болот.

Партиялардын аталышынын оң жагында белги коюу үчүн төрт бурчтук жайгашкан.

Бюллетендин экинчи бөлүгүндө номер коюлган 54 чарчы каша жайгашкан. Алар талапкердин партиянын тизмесинде катталган катарлаш номерине дал келет.

Добуш берүү үчүн шайлоочу тандаган партиясынын жанындагы чарчыга жана бюллетендин экинчи бөлүгүндөгү талапкердин жанындагы чарчыга белги коюшу керек. Демек, сиз добуш бергиңиз келген партиянын жана анын талапкеринин номерин жаттап алышыңыз шарт. Шайлоочу баарына каршы да добуш бере алат.

Эгерде шайлоочу партия үчүн гана добуш берип, шайлагысы келген талапкеринин жанына белги (чымчыкча) койбой койсо, анда добуш партиянын гана пайдасына эсептелет. Белги коюлбаган ушундай бюллетендер же белгилер керектүүдөн да көп болсо, анда алар өзүнчө эсептелип, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизилет. Бюллетень УШК мүчөлөрүнүн бардыгынын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен гана жараксыз деп табылышы мүмкүн.

Бир мандаттуулардын бюллетени

Бул бюллетенде сиздин округдан катышып жаткан талапкерлердин аты-жөнү жана туулган жылы көрсөтүлгөн. Мисалы, Аламүдүн шайлоо округунан 5 киши талапкер болсо, анда сиздин бюллетенде беш гана талапкердин аты-жөнү болот. Алардын бюллетенде кандай тартипте тизилгени да чучукулактын негизинде аныкталат.

Белгини ар бир талапкердин тушундагы чарчыга коюу керек. Шайлоочу баарына каршы да добуш бере алат.

Эгер шайлоочу бир нече талапкерге добуш берип же бир да жерге белги койбой койсо бюллетень жараксыз деп саналат. 

БШК шайлоочулар саясий партиялар жана кандидаттар тууралуу маалыматтар менен добуш берүү тилкелеринен да таанышса болорун кошумчалады.

Башкы беттеги сүрөт. БШКнын видеосунан скриншот.

Дагы окуңуз:

Эски жүздөр vs коррупцияга каршы күрөшкөндөр. Парламенттик шайлоодо кимди шайлайбыз?

Жапаров Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча: Парламенттин жарымы бир мандат менен шайланышы керек