Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо башталды

Сүрөт: «Клооп»

Бүгүн, 28-ноябрда, Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп жатат. Бул ирет шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат.

Партиянын талапкерлери «ачык тизме» менен шайланат. Жаңы Конституция боюнча депутаттардын саны 90го чейин азайды.

*«Ачык тизме» же преференциялдык шайлоо системасында шайлоочу партияны жана анын тизмесиндеги белгилүү бир талапкерди тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул ыкма менен партия жана анын тизмесинде эң көп добуш алган талапкер парламентке өтө алат.

Жалпысынан Кыргызстандын бирдиктүү шайлоо округу боюнча 3 млн 703 миң 420 шайлоочу катталды — алар партияга добуш бере ала турган шайлоочулар. Ал эми бир мандаттуу округдардан шайлоочулардын саны 3 млн 621 миң 751ди түздү. БШК мындай айырма чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар бир мандаттуу округдардан талапкерлерди шайлай албайт деп түшүндүрдү.

Шайлоочуларга эки бюллетень берилет: бирөө партия жана анын тизмесиндеги талапкерлерге, экинчиси бир мандаттуу округдардан талапкерлерге добуш берүү үчүн. Эгерде шайлоочу партияны белгилеп, бирок анын тизмесиндеги талапкерди тандабаса бюллетень жарактуу бойдон калат — добуш жалпы партияга берилет. Бюллетенде партиянын алгачкы 54 талапкерин тандоого болот.

Шайлоого 21 партиядан 1 004 талапкер, ал эми бир мандаттуу округдардан 282 киши талапкер болду.

2020-жылы өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы көптөгөн мыйзам бузуулар жана анын кесепетинен жаралган саясий кризистен улам жокко чыккан.