БШК шайлоонун жыйынтыгын расмий түрдө жокко чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы 6-октябрда 2020-жылдын 4-октябрындагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Мындай чечим БШК мүчөлөрүнүн отурумунда кабыл алынды.

«20 мүнөт мурда шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу маселеси талкууланды. Азыр долбоор даярдалууда. Жакынкы сааттарда өтүүчү отурумда, бул чечимди күчүнө киргизүү үчүн добуш беребиз. Мындай кадам өлкөдөгү саясий абалды эске алуу менен кабыл алынды», — деди Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Осмоналиев.

БШКнын дагы бир мүчөсү Гүлнара Журабаеванын айтымында, борбордук шайлоо комиссиясына карата элдин ишеними жоголду, алар өз каалоосу менен тарап кетиши керек.

«Менин пикиримде, бул шайлоо компаниясынын учурунда шайлоо жана референдум өткөрүү комиссиясынын бедели түштү. Мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарыбызды өткөрүп берүү — учурдагы эң туура кадам», — деди Журабаева.

Мыйзам боюнча комиссиянын курамы Жогорку Кеңеш тарабынан андагы фракциялардын квотасына жараша түзүлөт.

Кыргызстанда өткөн шайлоодо бийликчил «Биримдик» партиясы жана Матраимовдордун «Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоочулардын эң көп добушун алган.

Шайлоонун жыйынтыгына макул эмес жарандардын тынчтык акциясы массалык толкундоолорго алып келди. Чогулгандар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. 6-октябрда Сооронбай Жээнбеков БШКга шайлоонун жыйынтыгын кайра карап чыгып, мыйзам бузуулар аныкталса жокко чыгаруу тапшырмасын берген.

Бирок 6-октябрда түндө митингге чыккандар «Ак үйдү» басып алышкан. Андан кийин президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, экс-депутат Садыр Жапаров, Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовдор камактан бошотулган.

Өкмөт жана парламент отставкага кеткен жок.

Ошол эле маалда шайлоого катышкан партиялардын ичинен сегизөө Координациялык кеңешти түздү. Алар өлкөдө түзүлгөн кырдаалды укуктук талаага салууга аракеттерди көрөрүн айтышууда.

Ушул тапта Бишкек, Ош шаарларынан тышкары бир катар аймактарда дагы эл митингге чыкты. Айрым аймактардын башчылары кызматтарын тапшырды.