Инфекциялык оорукана COVID-19 жуктургандарды кабыл алууну улантмай болду

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 30-ноябрда «Клооптун» журналисттине ведомство жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев Республикалык инфекциялык ооруканасы мындан ары COVID-19 менен ооруган бейтаптарды кабыл албайт деп айтылган буйрукту жокко чыгарганын билдирди.

29-ноябрда коронавирус менен ооругандар дээрлик калбагандыктан, оорукана кадимки тартипте иштөөгө өтүп, ​​1-декабрдан тарта коронавирус менен ооругандарды кабыл албай турганы айтылган.

Бирок Бейшеналиев Kaktus.media басылмасына курган маегинде аталган оорукананын кызыл зонасын жабуу буйругу орун басарынын катачылыгы болгонун билдирди. Ал буйрук чыккан кезде иш сапарда жүргөнүн кошумчалады.

«Мындан маселе кылуунун кажети жок. Мен азыр документке кол койгон орун басарыма оозеки сөгүш бердим», — деп кошумчалады Бейшеналиев.

30-ноябрга карата Кыргызстанда коронавирустун 66 жаңы учуру катталды. Саламаттык сактоо министрлигин маалыматы боюнча, COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 183 351ге жетти.