Бишкек: Инфекциялык оорукана 1-декабрдан тартып COVID-19 жуктургандарды кабыл албайт

Бишкек шаардык ыкчам медицина борборунун жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов Твиттердеги барагында калаанын Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы кадимки тартипте иштеп баштарын жазды.

Борисовдун айтымында, бул 1-декабрдан тарта инфекциялык оорукана коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл албайт дегенди билдирет. Ал белгилегендей, «коронавирус менен ооругандар дээрлик калган жок».

«COVID-19 менен ооругандарды башка ооруканалар кабыл алат, аларда тийиштүү койка орундар даярдалган», — деп кошумчалады ал.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 29-ноябрга карата коронавирустун 37 жаңы учуру катталды. Пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 183 285ге жетти.