Чек ара кызматы: Баткендин Дахма тилкесине жакын жерде ок атылды, учурда абал туруктуу

Иллюстративдик сүрөт

1-декабрда Баткен районунда чек аранын шарттуу тилкесине жакын жерде Тажикстан тараптан ок атылды. Учурда кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, 1-декабрь 21:15 чамасында райондун чек арага чектеш Дахма тилкесине жакын жерде Тажикстан тараптан белгисиз кишилер 7-8 жолу ок чыгарышкан. Ок болжолдуу мерген куралынан атылган.

Жагдайдын чоо-жайын тактоо үчүн эки өлкөнүн чек ара застава башчылары ыкчам түрдө жерине барышып, ок чыгарган кишилерди издөө тууралуу макулдашышкан.

Ошондой эле Баткен облусу боюнча чек ара өкүлү, полковник Кыялбек Төлөнбаев Тажикстандын Согди аймагы боюнча чек ара өкүлү менен телефон аркылуу сүйлөшүп, мамлекеттик чек арада чагымчылдыктарды болтурбоо тууралуу келишишкен.

Ал эми түнкү саат 23:30да Төрт-Көчөдө чек ара кызматтарынын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жолугушкан. Анда коопсуздукту камсыз кылуу максатында 2-декабрдан баштап чек ара тилкесинде биргелешкен күзөт иштерин жүргүзүү чечимин кабыл алышкан.

Чек ара кызматынан түн тынч өткөнүн айтышып, 2-декабрь саат 9:00гө карата «абал туруктуу» деп билдиришти.

Дахма тилкесинде орун алган жаңжалдар

2020-жылдын январь айында Дахма тилкесинде эки өлкөнүн тургундарынын ортосунда бир нече жолу конфликт чыккан. Алгач 9-январда Тажикстан тараптан белгисиз кишилер кыргызстандыктардын үйлөрүнө жана унааларына таш ыргытып, андан соң ок чыгарышкан.

Мындан улам Кыргызстан тараптан 254 тургун коопсуз жайга эвакуацияланган. 10-январь күнү ок атышуу токтогон, абал «курч элементтери бар салыштырмалуу туруктуу» деп бааланган.

Ал учурда Тажикстандын бийлиги жаңжалдын чыгышына кыргызстандыктарды күнөөлөгөн. Коңшу өлкөнүн УКМКсы «Көк-Таштын тургундары Тажикстандын Сомониён айлынын жашоочуларын өткөрбөй коюшкан, андан кийин тажикстандыктын машинасына таш ыргытып, исфаралык милиционердин автоунаасын аткылап салышкан» деп билдирген.

Анда Кыргызстандын бийлиги бул маалыматтарды четке кагып, Тажикстандын УКМКсы «иштин реалдуу абалын бурмалап жатат» деп билдирген. Ошондой эле ТИМ коңшу өлкөнүн элчисине нааразылык нотасын тапшырган.

11-январь күнү эки өлкөнүн президенттери телефон аркылуу абалды талкуулаган соң Көк-Таш айылынын жанында кайрадан чыр чыккан.

Милициянын маалыматы боюнча, Көк-Таштын тургундары менен Исфаранын тургундары кайым айтышып кетишкен. Кайым айтышуу таш ыргытууга айланып, кыргызстандыктын машинасынын айнеги талкаланган. Дагы бир Кыргызстандын жаранынын башына таш тийген. Мындан тышкары, бир тажикстандыктын машинасына таш ыргытылган.

Бул кагылыштардан кийин Баткен ОИИБи Көк-Таштын төрт тургунун кармаган. Кармалгандардын айылдаштары буга нааразы болуп Ош — Баткен — Исфана жолун торошуп, аларды бошотууну талап кылышкан. Ошол эле күнү бийлик тургундарды жолду ачууга көндүрө алган.

12-январда абал туруктуу экени айтылып, эвакуацияланган тургундар үйлөрүнө кайтышкан. Ал эми 13-январь күнү Бишкекте чек ара чырында кармалган баткендиктерди бошотуу талабы менен митинг өткөн.

Митингчилер ошондогу президент Сооронбай Жээнбековдон кыргыз-тажик чек арасындагы маселени жеке көзөмөлгө алууну суранышып, чек ара маселелерин чечүү боюнча так аракеттерди көрмөйүнчө акцияны уланта беришээрин айтышкан.

Бул конфликттерден соң Тажикстандын президенти Кыргызстандагы элчиси Сухроб Олимзоданы кызматынан алган. Ал эми 14-январда эки өлкөнүн делегациясы Тажикстандын Исфара шаарында жолугушуу өткөргөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдын таржымалы