«Айыл Банктагы» коррупция иши. Маматов президентке туура эмес маалымат берилгенин айтты

БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов 2-декабрда мамлекетке таандык «Айыл Банктын» иши боюнча күбө катары суралганын маалымдады. Бул тууралуу ал «мунун шайлоого эч кандай тиешеси жок» деп белгилеп, Facebook барагында жазды. 2013 -жылдан 2019-жылга чейин Маматов банктын директорлор кеңешинин төрагасы болгон.

Кайрат Маматов. Сүрөт: «Кабар»

Эне болгон?

26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Садыр Жапаров дыйкандар үчүн каралган жеңилдетилген насыялар башка колдорго берилгенин айткан. Анын айтымында, жазында өлкөнү кыдырганда ага дыйкандар акча жок, техника жок, үрөн жок, күйүүчү май жок деп айтышкан. Ошондон кийин президент Эсептөө палатасына мамлекеттик банктарда ревизия жана аудит жасап, дыйкандарга жеңилдетилген кредиттер эмне себептен жетпей жатканын аныктоону тапшырган.

Анда дыйкандар үчүн жеңилдетилген насыялардын 97% банктарда депутаттарга жана министрлерге берилгени ачыкталган. Андан соң президенттин тапшырмасы менен УКМК жеңилдетилген насыялардын мыйзамсыз колдонулушу фактысы боюнча иликтөө баштаган.

Текшерүүдөн кийин Мамкомитет «Айыл Банкта» айрым компанияларга мүлктөрү күрөөгө алынып ири кредиттер максатсыз берилгенин аныктаган. Ошол экезде мүлктүн өзү өтүмсүз болгон — тактап айтканда, аны сатууга болбойт.

Бул фактылар боюнча УКМК «Коррупция» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Маматов эмне деди?

«Эгер кандайдыр суроолор болсо, мен макулмун, тергөө бейтарап териштирип, баасын бериши керек. Буга чейин Финансылык полиция дагы банкта көптөгөн суроолорго «кызыгып» текшерүү жүргүзгөн», — деп жазды Маматов.

Ал бул убакыт ичинде «Айыл Банк» «бардык көрсөткүчтөр боюнча өлкөдөгү 24 банктын ичинен 17-орунга чыгып, эң мыкты үчтүккө киргенин», ал эми активи менен капиталы кыйла өскөнүн кошумчалады.

«“Насыяларды башкаруу” деген түшүнүк бар, мен эч кимди күнөөлөбөйм. Бирок бизден кийин көп киши алмашты, банктын учурдагы ишмердигине жооп берген мезгилде эле башкаруу кеңешинин 4 төрагасы алмашты. Бирок берилген кредиттер менен иштөө жана башкаруу керек да. Колго алыш керек!

Банктын ишмердүүлүгү жалпысынан “өзүнчө насыялар” менен эмес, жыйынктар менен балаанат, муну адистер билишет», — деп белгиледи Маматов.

Ал УКМКнын текшерүүсү бейтарап болоруна үмүттөнөт, «себеби президентке туура эмес маалымат берилген».

«Мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышкан банктын баары, анын ичинде 2 мамбанк [РСК жана “Айыл Банк”], жеңилдетилген насыялардын максаттуу пайдаланылышына катуу көзөмөл кылышкан деп ишенем», — деп жазды Маматов.

ТЕМА БОЮНЧА:

Садыр Жапаров: Дыйкандарга берилген насыянын 97%ын депутаттар менен министрлер алган