Садыр Жапаров: Дыйкандарга берилген насыянын 97%ын депутаттар менен министрлер алган

Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңештин 26-ноябрдагы жыйынында, дыйкандарга делген жеңилдетилген насыялар башка колдорго берилип келгенин айтты.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Президент Садыр Жапаров. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Жапаровдун айтымында, жазында өлкөнү кыдырганда ага дыйкандар акча жок, техника жок, үрөн жок, күйүүчү май жок деп айтышкан. Ошондон кийин президент Эсептөө палатасына мамлекеттик банктарды ревизия, аудит жасап, эмне себептен дыйкандарга берилген, жеңилдетилген кредиттер жетпей жатканын аныктоону тапшырган.

«Дыйкандарга мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттардын 3 эле пайызы жетет экен. Калган 97% жалаң бизнесмендер, депутаттар, министрлер, губернаторлор, алардын жакын туугандары алат экен. Насыялар 6% [жылына] менен. Биз өкмөт аны дыйкандарга берип атабыз. Ал акчанын 100% дыйкандар алышы керек болчу», — деди Жапаров.

Андан соң, Жапаров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жеңилдетилген насыяларды кимдер алып жүргөнүн жана эмне үчүн дыйкандарга берилбей келгенин тактап чыгууну тапшырды.

«Кайсыл банктар берген? Мисалы, “Айыл Банк” менен “РСК” жөнүндө. Жеке банктар да мамлекет аркылуу дыйкандарга насыя берген. Ушуларды текшерип чыгып, чечим кабыл аласыз. Бул жерде алган бизнесмендерде 15-20% күнөө болсо болгондур. Анткени алар сүйлөшүү жолу менен, коррупцияга барып, бул жерде 6% менен албайт да. Сөзсүз түрдө жок дегенде 4% банктарга берди да „шапка“ кылып», — деп айтты президент.

Жапаров 2022-жылдын 1-январынан баштап «дыйкандарга бөлүнгөн бир сом дагы» башка багытка кетпеши керек деп кошумчалады. Ал өкмөт орто жана чакан бизнести колдоо боюнча программанын үстүнөн иштеп жатканын, ал эми дыйкандар бул программа аркылуу насыя аларын баса белгиледи.

«Эгерде бир сому бир жакка кете турган болсо, анда каржылоону көзөмөлдөп жана акчаларды берип жаткан банкирлерди текшериш керек», — деп билдирди ал.