Бишкек шаардык соту 2-декабрда президенттик аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин бөгөт чарасын өзгөрттү. Ал эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде бошотулду. Маалыматты соттун басма сөз кызматы «Клоопко» тастыктады.
Ал эми Алмамбет Салиевдин адвокаты Жыргалбек Бабаев 24.kg басылмасына маек куруп, ал 2-декабрдан тартып күчүнө кирген жаңы Жазык кодексинин негизинде бошотулганын билдирди.
«Бул жерге корголуучума тагылган берене өзгөртүлдү. Мурда “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча айып тагылган. Азыр болсо жаңы кодекс боюнча "Кылмыштуу жол менен мыйзамсыз баюу" деп кошулуп калды. Декриминализация болуп калды. Ошонун негизинде эч жакка кетпөө тил каты менен эркиндикке чыкты. Биз аны толугу менен кыскартуу боюнча өтүнүч келтирип жатабыз», — деп билдирди Бабаев.
Аны менен катар, юрист Салиев күнөөсүн мойнуна албаганын жана тергөө менен кызматташуудан баш тартканын баса белгиледи.
*28-октябрда президент Жапаров Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана Жазык кодекстерин колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Жаңы кабыл алынган кодекстер 2-декабрда күчүнө кирген.
Алмамбет Салиев эмнеге кармалган?
Салиев атайын кызмат тарабынан 2021-жылдын 17-июнунда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ал «Мыйзамсыз баюуга» шектелип жатат.
УКМКнын маалыматына ылайык, Салиев президенттик аппараттын жетекчисинин орун басарлык кызматында турганда «сот системасынын, укук коргоо жана маморгандардын ишине активдүү кийлигишип, мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян тийгизип, жеке түзүмдөрдүн кызыкчылыктарын сүрөмөлөгөн».
Мындан сырткары, Cалиев мамкызматта иштеп турганда расмий кирешесине туура келбеген мүлк активдерин сатып алып, аларды өзүнө байланыштуу адамдарга каттатканы айтылган.
«Мамлекеттик кызматтарды ээлеген кезде туугандарына жана жакын адамдарына 70 млн сомдук мүлкүн каттаган — бул анын расмий кирешесинен кыйла жогору», — деп билдирген анда УКМК.
«Көмүскө кардинал»
Алмамбет Салиев — 2017-жылдын 11-декабрында экс-президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан президенттик аппараттын башчысынын орун басарлыгына дайындалган.
Салиев кызматка келгенден кийин 2018-жылы ЖМКда ал соттордун, прокуратура жана укук коргоо органдарынын ишин тескейт деген божомолдор айтыла баштаган.
Маалыматта «кимди камап, кимди соттош керектиги» дал ушул Салиевдин иш бөлмөсүндө чечилет деп белгиленген. Ал тургай Салиев «көмүскө кардинал» деген да атка конгон, себеби «анын каалгасынын оозунда башпрокурор баштаган чиновниктер тапшырма алуу максатында кезек күтүп жүрүшкөнү» айтылган.
Салиевдин жардамчысы «жетекчисинин соттордун, укук коргоо органдарынын жана прокуратуранын ишине кийлигишет» деген маалыматты четке каккан. Ал эми Сооронбай Жээнбеков бул «жигитти» жакшы тааныйм деп билдирген.
«Ал андай иштерге барбайт деп ишенем», — деп билдирген Жээнбеков ошондо.
Бирок Салиевди «көмүскө кардинал» деген сөздөр токтогон эмес. Үстүбүздөгү жылдын 8-мартында зомбулукка каршы марштын катышуучуларына ак калпак жана беткап кийген белгисиз адамдар кол салышкан. Милиция кызматкерлери митингге чыккан аялдарды кармап, кол көтөргөн эркектерге эч кандай чара көргөн эмес.
Буга байланыштуу 2020-жылы 11-мартта Конституциялык палатанын мурдагы судьясы жана «Реформа» партиясынын төрайымы Клара Сооронкулова «Азаттыкка» маек курган.
Анда Сооронкулова «кол салгандардын милиция кызматкерлери менен байланышы бар экенин 100 пайыз ишенимдүү айта алам» деп билдирген. Алардын жоругу «күч органдарынын ишин көзөмөлдөгөн» президенттик аппараттын башчысынын орун басары Алмамбет Салиевдин уруксаты жок болбой турганын кошумчалаган.
Ал эми 2020-жылдын 15-октябрында мурдагы депутат жана активист Ширин Айтматова твиттерде өзүнө карата кайрадан коркутуулар башталып, үй-бүлөсүн сот органдары аркылуу куугунтуктап жатышканын жазган. Ал Твиттеринде Алмамбет Салиевдин атын атаган.
«Алмамбет Салиев эки күн мурда эле жолдошумдун камакка алынышына байланышкан маселени чечүүгө үчүн талаптарын айттырып жибериптир. Анын талабы – Садыр Жапаровду тынчытуу жана президентти мактоо», — деп жазган Айтматова.
Салиевди кызматынан 2020-жылдын 20-октябрында ал убакта президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров бошоткон.