Бишкек мэриясы Жаңы жылга карата майрамдык салюттан баш тартты

Бишкек мэриясы Жаңы жылда майрамдык салют атылбасын маалымдады. Чечим борбордогу смогго байланыштуу кабыл алынганы айтылды.

Муниципалитеттен кошумчалашкандай, шаардыктар жыл сайын күз-кыш мезгилинде абанын сапаты кескин бузулуусуна туш болот.

«Жыл сайын күз-кыш айларында жылытуу мезгилине жана унаа каражаттарынын күйүүчү-майлоочу майды керектөөсүнүн көбөйүшүнөн улам борбор калаада абанын булганышынын деңгээли жогорку чекке жетет, буга байланыштуу мэрия экологиялык абалды андан ары начарлатууну туура эмес деп эсептейт», — деп белгилешти калаа мэриясынан.

Муниципалитеттен майрам үчүн сарпталат деп пландалган 800 миңге чукул акча «башка маанилүү максаттарга» жумшаларын кошумчалашты. Бирок мэрия кайсы иштерге экенин айткан жок.

«Бишкек мэриясы экологияны жана коопсуздукту сактоо максатында шаар тургундарын жаңы жыл майрамында фейерверктерди сатып алуудан жана колдонуудан алыс болууга чакырат», — деп кайрылды мэрия шаар тургундарына.

Бишкекте ушуну менен салют атылбаганына эки жыл болот. 2020-жылы да калаа мэриясы жаңы жылдык салюттан баш тартып, коронавирус пандемиясынан улам шаарды шөкөттөп көрктөндүрүү үчүн декорацияларды сатып алган эмес.

«Үнөмдөлгөн акчанын бардыгы мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ошондой эле биздин ардагерлерге белектерге жумшалат», —деп түшүндүргөн ошондо Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева.

Бул жылы шаардык муниципалитет калааны жаңыча кооздоону пландап жатат. Муниципалитеттин басма сөз кызматы улуттук оймо-чиймелерди, жаңы жылдык фейерверктерди жана карды бириктирген жаңы жылдык символдор колдонуларын билдирген.

Учурда шаарды жасалгалоо үчүн канча сумма коротуу пландалып жатканы белгисиз. Мэриядан билдиришкендей, аталган сумма «иштин баары аягына чыккандан кийин гана» белгилүү болот.

Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысы орнотулуп баштады. Бийиктиги 25 метр. Шаарды майрамдык шөкөттө декабрдын орто ченинде аяктайт.