Мэрия: Бишкекте Жаңы жылдык салют жана шөкөттөө болбойт

Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева фейсбук барагына шаардык мэрия Жаңы жылдык фейерверк жана борбор калааны кооздо үчүн жаңы жасалгалардан баш тартканы тууралуу жазды.

«Үнөмдөлгөн акчанын бардыгы мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ошондой эле биздин ардагерлерге белектерге жумшалат», —деп түшүндүрдү Чыныбаева.

Ошондой эле Чыныбаева шаар тургундарын колдоого жана көңүл бурууга муктаж болгондордун бардыгын куттуктоого чакырды.

Калаа мэриясы майрамга карата салют аттыруудан буга чейин дагы баш тарткан. 9-майда Жеңиш күнүнө карата коронавирус пандемиясынын учурунда үнөмдөө максатында фейерверк колдонулган эмес.

Анткен менен салют баары бир деле атылган, бирок ага каражат мэриядан эмес, Башкы штабдан бөлүнгөн.

Ал эми Эгемендүүлүк күнүндө коронавирустан улам бюджеттин тартыштыгы кескин жогорулап кеткенине карабай салют атылган. Буга шаардын бюджетинен 2 млн 700 миң сом сарпталган.

Август айынан бери бюджеттин тартыштыгы жогорулаган. Буга коронавирус пендемиясы гана эмес, 4-октябрда өтүп, бирок жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодон улам түзүлгөн өлкөдөгү саясий окуялар дагы себепкер.

Ошол эле кезде Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо, конституциялык реформа жана парламенттик шайлоо күтүлүүдө. Бул иш чараларга жүздөгөн млн сом керектелет.