Кочкордо жол кырсыгынан эки адам каза болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 6-декабрда Нарын облусунда жол кырсыгынан эки адам каза болгонун кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кочкор районунун Семиз-Бел айылында BMV үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, даракты сүзгөн. Унаадагы эркек киши жана бир аял көз жумган. Алардын сөөгүн куткаруучулар ИИМге өткөрүп берген. Учурда кырсыктан каза тапкандардын аты-жөнү такталууда.

Үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында Ысык-Көл облусундагы Каракол — Эңилчек унаа жолунда «Ниссан Х-трейл» жана «Субару Форестер» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, төрт адам каза болгон. Дагы үч адам ар кандай жаракаттар менен райондук ооруканага жеткирилген.