Ысык-Көл: Каракол-Эңилчек унаа жолунда жол кырсыгынан төрт адам каза болду

26-ноябрда Ысык-Көл облусундагы Каракол — Эңилчек унаа жолунда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында «Ниссан Х-трейл» жана «Субару Форестер» үлгүсүндөгү унаалар кагышканы тууралуу ИИМ кабарлады.

ИИМдин Жол кыймылынын копсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев кырсыктан жабыркаган үч адам ар түрдүү жаракаттар менен райондук ооруканага жаткырылганын кошумчалады.

Исаевдин маалыматына ылайык, «Ниссан Х-трейлдин» 61 жаштагы айдоочусу кар жаап атканда жайкы дөңгөлөк тагылган унааны айдап чыгыштан батышты көздөй бара жаткан.

«Ниссандын айдоочусу рулду башкара албай, унаа айланып келип каршы тилкеге ортосунан туруп калган. “Субару Форестердин” айдоочусу унааны токтотууга үлгүрбөй калып, эки унаа кагышкан. Төрт адам алган жараатынан улам окуя болгон жерде көз жумган», — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми «Турмуш» басылмасы «Ниссан Х-трейл» унаасынын айдоочусу жеринде, дагы үч адам райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумганын жазды. Басылманын маалыматына караганда, набыт болгондор Бишкек шаарынын жана Чүйдүн Кой-Таш айылынын тургундары.

«Субару Форестердин» айдоочусу жана жүргүнчүлөрү ооруканага жаткырылды. Жол кырсыгы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери башталды.

ЖКККБ айдоочуларга кайрылып, унааларга кыш мезгилине ылайыкталган дөңгөлөк тагып, ылдамдык режимин жана коопсуз аралыкты сактоого чакырды.